ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерлери Көлдө машыгуудан өттү. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Минобороны КРТренировка военнослужащих КСБР ЦАР на Исссык-Куле
Тренировка военнослужащих КСБР ЦАР на Исссык-Куле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Жазылуу
Эртең, 7-сентябрда, "Эдельвейс" полигонунда ЖККУнун "Рубеж-2021" деп аталган аскердик машыгуусу башталат.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда Борбордук Азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун ыкчам аракетке келүүчү күчтөрүнүн машыгуусу өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.  

© Фото / пресс-служба Минобороны КРЫсык-Көл облусунда Борбор азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун Ыкчам аракет көрүүчү жамааттык күчтөрдүн машыгуусу өттү
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерлери Көлдө машыгуудан өттү. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Ысык-Көл облусунда Борбор азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун Ыкчам аракет көрүүчү жамааттык күчтөрдүн машыгуусу өттү

Аскердик окуу "Эдельвейс" борборунда болгон. Ага ЖККУнун коргонуу ведомстволорунун аскердик бөлүктөрү катышкан.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Станислав Зась жана президент Садыр Жапаров жолугуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась Жапаров менен жолукту
Эми полигондо 7-9-сентябрда "Рубеж-2021" деп аталган аскердик машыгуу башталат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан, ЖККУнун катчылыгы менен бириккен штабынын аскерлери жана ыкчам топтору катышмакчы. 

Башкы максат — ЖККУнун аскерлерди башкаруу органдарынын (жамааттык күчтөр) жетекчилеринин иш тажрыбасын жогорулатуу. Ошондой эле биргелешкен операцияда берилген тапшырмаларды аткаруудан сырткары аскердик бөлүктөрдүн эриш-аркак иштешүү чеберчилигин арттыруу экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0