Сейилдеп жүргөн адамдар. Архив

Ар бир кадам өмүрдү узартат! Адис жөө басуунун пайдасын айтты

2374
11 жылга созулган иликтөөнүн негизинде күн сайын 7 миң кадамдын тегерегинде баскан адамда эрте өлүп калуу тобокелдиги 50-70 пайызга азаяры аныкталган.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Адам канчалык көп басса, ошончолук ден соолугу жакшырып, жашоосу узарат. Бул тууралуу Массачусетс университетинин (АКШ) доценти, кинезиолог Аманда Палучка шилтеме берип Medical Express басылмасы жазды.

11 жылга созулган иликтөөнүн негизинде күн сайын 7 миң кадамдын тегерегинде баскан адамда эрте өлүп калуу тобокелдиги 50-70 пайызга азаяры аныкталган.

"Албетте, бүгүнкүдөй кымгуут жашоодо бул нерсеге жетүү татаал. Бирок күнүнө 7 миңге чукул кадам жасаган адамдын ден соолугу жакшырып, ар кандай ооруларды алдын алууга болору такталды", — деди адис.

Ал эми Нью-Йорк штатындагы Sandra Atlas Bass Heart ооруканасынын дарыгери Гай Минц жөө басуу жүрөк-кан тамыр ооруларын, кант диабетин алдын алып, кан басымды жакшырта турганын айтат. Ошондой эле көп баскан адам ашыкча салмактан арылып, холестериндин деңгээли төмөндөйт.

"Күн сайын чуркоо, машыгуу залына баруу же үйгө атайын спорттук шаймандарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү баарында эле боло бербейт. Андыктан жөө басуу — ден соолукту сактоонун эң жеңил жана жөнөкөй жолу", — деди Минц.

Ошондой эле адистер ар бир смартфондо кадамды санап бере турган тиркемелер бар экенин эске салып, аларды күн сайын пайдаланууну сунуштады.

 

2374
Белгилер:
ден соолук, дарыгер, өмүр
Тема боюнча
Жүрөк оорусунун мурда айтылбаган белгилери аталды
Парикмахер стрижет волосы девушке. Архивное фото

COVID-19дан кийин чачтын түшүшүн кантип токтотсо болот? Трихологдун кеңеши

3
Адистин пикиринде, адам чачтын түшө баштаганын дароо байкабайт. Алгачкы белгилер оору башталгандан 3-4 жума же сакайгандан эки ай өткөн соң билинет.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. COVID-19га чалдыгып сакайгандардын көпчүлүгү чачынын түшүп жатканын айтууда. Аны токтотууга өз алдынча тандап алган каражаттар жардам бере албасын Sputnik радиосунун эфиринде трихолог Юлия Нагайцева айтты.

Адистин пикиринде, адам чачтын түшө баштаганын дароо байкабайт. Алгачкы белгилер оору башталгандан 3-4 жума же сакайгандан эки ай өткөн соң билинет.

"Бул процесстин башталышы гана. Менин жарым жылдык байкоомо караганда, чач түшүп эле тим болбой, башка ооруларды дагы пайда кылууда. Албетте, түшсө дагы өзү калыбына келип, мурдагыдай калыңдыкка жеткен учурлар бар. Ал үчүн адам жаш, организми күчтүү болушу керек. Ал эми чачы оголе жукарып кеткендер адиске кайралганы туура", — деди Нагайцева.

Анын айтымында, дарыканадагы бардык эле каражаттар чачтын түшүшүн токтотууга жардам бере бербейт.

"Чач түшүү — бул оору, аны дарылоо керек. Алгач организмге кайсы элемент жетпей жатканын анализдер аркылуу аныктоо зарыл. Ошондо гана дарыгер бейтапка керектүү каражатты сунуштай алат", — деди трихолог.

Ошондой эле адис COVID-19дан сакайган адамдарды медицинадык кароодон өткөрүү маалында айрымдардан андрогенетикалык алопеция илдети табылып жатканын кошумчалады. Бул илдет чачтын өсүшүн толугу менен токтотуп коет.

3
Белгилер:
дарыгер, коронавирус, чач, кесепет
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Окумуштуулар коронавирустун дагы бир олуттуу кесепетин айтышты
Беларуста COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганын айтты
Алматы шаарынын ооруканадасындагы дарыгерлер. Архив

Казакстанда коронавирустун нигериялык Eta штаммы аныкталды. Белгилери

8
(жаңыланган 11:43 21.09.2021)
ДССУнун маалыматына караганда, 2021-жылдын 15-сентябрына карата аталган штамм дүйнөнүн 77 мамлекетинен табылды.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Казакстанда коронавирустун Eta (нигериялык) деп аталган жаңы штаммы аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Илдеттин клиникалык белгилери Alpha (британиялык) менен Beta (түштүк африкалык) штаммдарыныкындай эле (ден табынын көтөрүлүшү, жөтөл, жыт менен даам сезбей калуу).

Маалыматка караганда, Саламаттык сактоо министрлиги 2021-жылдын июль-август айларында ооругандардан алынган лабораториялык үлгүнүн негизинде коронавирус инфекциясына генетикалык изилдөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында төмөнкү штаммдар аныкталган:

  • индиялык Delta — 59,4 пайыз;
  • британиялык Alpha — 25 пайыз;
  • "Ухань" коронавирусу — 10,4 пайыз;
  • нигериялык Eta — 5,2 пайыз.

Eta штаммы төрт аймактан аныкталган — Мангистауда эки, Караганда, Павлодарда жана Нур-Султанда бирден учур катталды.

Коронавирустун Eta штаммы 2020-жылдын декабрь айында Нигерия менен Улуу Британиядан чыккан. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, 2021-жылдын 15-сентябрына карата аталган штамм дүйнөнүн 77 мамлекетинен табылды. ДССУнун "байкоо салуу" категориясында турат.

8
Белгилер:
Казакстан, коронавирус, жаңы штамм
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус