Окуучулар үчүн! Ойлоп табуучулук боюнча кыргызча окуу куралы жарык көрдү

© AFP / AMELIE QUERFURTHКитеп окуп жаткан адамдар. Архив
Китеп окуп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Китептин ичинен идеядан акча табуу, аны сатуу, патенттөөнү үйрөтүү тууралуу кызыктуу маалыматтарды тапса болот.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кыргызстанда "Ойлоп табам" аттуу интеллектуалдык менчик жана ойлоп табуучулук ишкердик боюнча кыргыз тилинде окуу куралы жарык көрдү. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар агенттигинин (Кыргызпатент) сайтында жазылган.

Билдирмеге караганда, китеп мектеп окуучулары жана ата-энелер үчүн жазылган.

"Окуу куралы мектеп окуучуларынын интеллектуалдык менчикке жана ойлоп табуучулук жигердүүлүккө тиешелүү сабактарга даярдануусуна жардам берет. Анын ичинен идеядан акча табуу, аны сатуу, патенттөөнү үйрөтүү тууралуу кызыктуу маалыматтарды тапса болот", — деп айтылат маалыматта.

Пайдалуу жана кызыктуу эмгекти кыргыз тилине Акжол Доранбек которгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0