Жол кайгуул кызматкери. Архив

Футбол оюнунан улам Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат. Убактысы

353
Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бангладеш менен беттешмекчи. Буга чейин улуттук команда Палестинаны 1:0 эсебинде уткан.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. 7-сентябрда футболго байланыштуу ордо калаада бир нече көчө убактылуу жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бүгүн ордо калаада футбол боюнча "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин кезектеги оюну өтөт. Буга байланыштуу саат 17:00дөн 23:00гө чейин эки көчөнүн кесилиши жабык болот. Алар:

  • Тоголок Молдо көчөсү. Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
  • Фрунзе көчөсү. Панфилов көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейин.

Кайгуул кызматы айдоочуларды чектөөнү түшүнүү менен кабыл алып, маршрутту алдын ала пландоого чакырды.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бангладеш менен беттешмекчи. Буга чейин улуттук команда Палестинаны 1:0 эсебинде уткан.

353
Белгилер:
Бишкек, футбол, көчө, жабуу, эскертүү
Тема боюнча
Көптөн күткөн оюн! Кыргызстан — Палестина футбол беттешинен 16 сүрөт
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров телефон менен сүйлөшүү учрунда. Архив

Садыр Жапаров чемпиондук наамын коргогон Валентина Шевченкону куттуктады

18
(жаңыланган 19:46 26.09.2021)
Кыргызстандык спортчу ушуну менен алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоду. Беттешке кыргызстандыктар бүгүн эртең менен күбө болду.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров телефондон кыргызстандык мушкер Валентина Шевченкону бүгүнкү жеңиши менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, UFC уюмунун кезектеги беттешинде Шевченко америкалык Лорен Мерфини мөөнөтүнөн эрте ишенимдүү жеңип алган. Ушуну менен ата мекендик спортчу чемпиондук наамын алтынчы ирет коргоду.

Жапаров Шевченконун жогорку чеберчилигин, духунун күчтүүлүгүн жана мүнөзүнүн бекемдигин жогору баалады.

"Жалпы кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан ийгиликтүү жеңишиңиз менен куттуктообузду кабыл алыңыз. Биз баарыбыз Сиздин жетишкендиктериңиз менен сыймыктанабыз. Абройлуу эл аралык турнирлерде Кыргызстандын намысын коргоп жатасыз. Алдыда дагы чоң ийгиликтер жана жаңы жеңиштер күтүп турганына ишенем",— деди президент.

Сөзүнүн соңунда өлкө башчы спортчуга бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Баса, редакция Шевченконун беттешиндеги урунттуу учурлардын видеосун топтогон.

18
Белгилер:
Садыр Жапаров, Валентина Шевченко, беттешүү, жеңиш, чемпион, куттуктоо
Тема боюнча
Силерди жакшы көрөм! Шевченконун Кыргызстанга салам жолдогон видеосу
Кыргыз желегин желбиретип... Шевченко кантип жеңгенин көрсөткөн видеолор
Мен чемпионмун, баарына даярмын! Шевченко кийинки атаандашы боюнча жооп берди
Кабул аэропортунан учуп жаткан учак. Архив

Талибдер Кабул аэропорту бардык каттамдарды кабыл алууга даяр экенин айтты

25
(жаңыланган 19:08 26.09.2021)
Талибдер түзгөн Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү авиакомпанияларга кайрылуу жолдогон.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы Афганистандын борборундагы Кабул аэропорту ички жана эл аралык каттамдарды кабыл алууга толугу менен даяр экенин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Талибдер түзгөн Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Абдул Кахар Балхи Twitter баракчасы аркылуу авиакомпанияларга кайрылуу жолдогон.

"Кабул эл аралык аэропортундагы көйгөйлөр чечилди, аба майдан ички жана эл аралык каттамдар үчүн толугу менен даяр. "Афганистан Ислам Эмирлиги" (талибдердин өзүн-өзү атап алган саясий системасы — ред.) бардык авиакомпаниялар менен кызматташууга даяр деп ишендирет жана буга чейин аткарып келген каттамдарын жандандырышына үмүт артат", — деди ТИМдин өкүлү.

Август айынын башында талибдер Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирген. 15-августта Кабулду басып алып, анын эртеси согуш токтогонун жар салышкан. Августтун акыркы эки жумасы америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Афганистанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кетишкен. Сентябрдын алтысында талибдер буга чейин баш ийбей келген, афгандык 34 провинциянын акыркысы Панжшер аймагын алдык деп билдирген. Эртеси күнү Мохаммад Хасан Ахунд башында турган Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы түзүлгөнү жарыяланды. Ал талибдердин биринчи жолу бийлик башкаруу учурунда тышкы иштер министри болуп иштеп, 2001-жылдан бери Бириккен Улуттур Уюмунун санкцияларында болуп келген.

* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм

25
Белгилер:
'Талибан' кыймылы, Кабул, аэропорт
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Кабулдагы базада калган мекендештерди чыгарып... Кыргызстандык дипломаттын эрдиги
Саясат таануучу Өзбекстандын талибдерге көз карашы кандай экенин айтты