Дөңгөлөк. Архивдик сүрөт

Колдонулган дөңгөлөк алып жатасызбы? Эске ала турган 5 учур

4219
(жаңыланган 12:08 07.09.2021)
Колдонулган дөңгөлөктөрдү алууда баанын артынан кууп албаш керек. Адистер кооптуу делген бир нече факторду эскертти.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Авто Mail.ru автомобиль порталы дөңгөлөк алып жатканда эмнелерге көңүл буруу абдан зарыл экендигин айтып, айдоочуларга кеңеш берди.

Эксперттер баага айланчыктабай, ишенимдүүсүн, жолдо калтырбай турганын тандап алуу маанилүү экендигин дагы бир жолу эскертти.

Дөңгөлөктүн чыккан жылы

Чыкканына беш жылдан ашып кеткен дөңгөлөктү алып кереги жок. Албетте, мурдагы ээси качан алганын эстебей калды дейли, балким айткысы келбегендир. Анда жакшылап текшерип, карап чыгуу зарыл. Өңү бозомтук тартып калбашы керек, анан албетте, жарылып кеткен жерлери болбоого тийиш. Ал эми бир катар ишканалар чыгарган жылын жазып коюшат.

Дөңгөлөк эскиргенде

Бир топ эле эскирип калган дөңгөлөктү эч качан албагыла. Протектордун бийиктигине, оңдоп-түзөлбөгөнүнө, капталынын "шишип", дөмпөйүп чыгып калбаганына (адатта аны "грыжа" деп аташат), корддун катмарланып жана деформацияланбаганына көңүл буруу абдан зарыл. Шинанын жерге тийген бөлүгү бирдей пайдаланылганы байкалбаса, андан баш тартып койгон жакшы.

Ар кыл комплектиден турган дөңгөлөктөр

Кээде жарнамадан комплектиленбеген шиналардын сатыларын окуп калабыз. Бир фирманын эки дөңгөлөгү, калган жубу башка компанияныкы болуп калат. Мындай нерсеге сактык менен караган жакшы. Сатып алардын алдында сатыкта ушундай жаңы шиналар бар-жогун тактап койгон ашыктык кылбайт. Бул — эгерде бирөө иштен чыгып калса, акча коротуп комплектини алмаштырып жүрбөй, жаңысын сатып тагып коем деген алдын ала камсыздаган кадам.

Кышкы дөңгөлөктүн эскисин сатып алуунун кереги барбы?

Кышында тагыла турган шиналардын комплектин алууда "жети өлчөп, бир кесиш" керек. Жакшылап карабаса тобокелдик факторлору көп болот. Жогоруда санап өткөндөрдөн сырткары тикендеринин кандай абалда экенине көз салуу шарт. Мурдагы ээси тикендерин таптап, дээрлик көбүн жок кылганча айдаган дөңгөлөктөрдү алуу кооптуу. Эгерде алар кышында тайгалакта сизге жардам бере албаса, анын эмне кереги бар. Тикендер жарылып кетсе жана деформацияланып калса да жарабайт. Сатып алып жатканда ар бир тикенге көңүл буруу керек.

Жол кыймылынын эрежелери төмөнкүдөй дөңгөлөк менен жүрүүгө тыюу салат:

  • сырты зыянга учураганда (айрылып, жарылып кеткендер, тешилгендер), шинанын ичи көрүнүп жүрсө, каркасы катмарга бөлүнүп калса, протекторунан жана каптал жактарынан дөңгөлөктүн абалы начар экени билинип турса;
  • бекиткен болт (буроо) жок болсо, дискте, алкакта жаракалар байкалса, формасы же бекиткичтеринин тешиктери өзгөрө баштаса;
  • дөңгөлөккө автоунаанын модели жана анын оордугу туура келбесе.

Кышкы дөңгөлөктү кантип тандоо боюнча Sputnik жасаган инфографикадан кеңири таанышсаңыз болот.

4219
Белгилер:
дөңгөлөк, кеңеш, кардар, адис
Тема боюнча
Бензинди кантип үнөмдөсө болот. Адистин кеңеши
Автоунааны кыш-күзгө кантип даярдаш керек. Адистен 6 кеңеш
Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев

Мурзаев: үй-бүлөдө ынтымак болушу үчүн күн сайын күрөшүү керек

0
Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев илим-билим алып жаткан жаштардын арасында үй-бүлө куруу боюнча жаман тенденция бар экенин айтты.

Аялдын жана эркектин психологиясынын ар башка болушу үй-бүлөдө татаал кырдаалды жаратат. Үйдө жакшы мамиле, ынтымак, түшүнүү болуу үчүн күн сайын күрөшүү керек. Бул тууралуу Маматали Мурзаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Мурзаев: үй-бүлөдө ынтымак болушу үчүн күн сайын күрөшүү керек

Анын айтымында, жубайлар бири-биринин кемчилигинин үстүнөн иштеши керек.

"Илгертеден эле жар тандоо укугу эркектерде болгон. Салт боюнча ата-эне таптап берүүсү керек эле. Кийин жубай тандоо толугу менен эркектерге өттү. Алар биринчи кезекте кыздардын сулуулугун, дене түзүлүшүн, анан ден соолугун карашат да, андан кийин гана ортодогу мамиле, жашоодогу кызыгуулары, көз караштарынын шайкеш келүүсүнө маани беришет. Булар үй-бүлө курууга, туура жар тандоого негиз боло албайт. Мисалы, сүйүүнү алсак, анын негизги кызматы жигит менен кызды бири-биринин айрым кемчиликтерин көрсөтпөй жакындатуу. Үй-бүлө кургандан кийин жубайлардын мамилеси кыз-жигиттин сүйүүсүнөн да жогору турат. Алардын каны-жаны бир болуп калат. Сүйүшкөндөрдүн каны-жаны бир болбойт. Алар бири-бирине умтулуп гана турат. Аларды ажыраштырып салуу да оңой. Европалык маданиятты көрүп калган кыздар "мен бактылуу болушум керек" дешет. Анын бактылуулук боюнча түшүнүгү күйөөсү, кайнатасы, кайненесинин көз карашы менен дал келбей калышы мүмкүн. Азыр илим-билим алып жаткан жаштардын арасында жаман тенденция бар. Карьера куруп, бутка турушум керек дешет. Алар бутка тургуча жашы өтүп, 30га чыгат. Бул куракта бала-чакалуу болуу татаал жана баланын ден соолугу начар төрөлүшү мүмкүн. Мунун баары эске алынбай калып жатат", — деди Мурзаев.

Психолог жар тандоодо мүнөзү жагынан шайкеш келүүсүн аныктап алуу маанилүү экенин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

0
Белгилер:
үй-бүлө, психология, жар, тандоо, Маматали Мурзаев
Тема боюнча
Тапкан акчасын туугандарына чачып чарчатты. Жолдошуна көз каранды келиндин каты
Бишкектеги унаа токтотуучу жай. Архив

Бишкекте унаа токтотуучу жайлардын заманбап системасы түзүлөт

14
(жаңыланган 11:35 20.09.2021)
Муниципалитет унаа токтотуучу жайда иштеген адамдардын кызматын компьютердик система аткарып калышы мүмкүндүгүн билдирди.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардык унаа токтотуучу жайлардын заманбап системасын түзүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Бул иш борбордогу унаа токтотуучу жайларды иретке келтирүүгө багытталган.

Системаны биринчи кезекте муниципалдык унаа токтотуучу жайларда, көчөлөрдө, базарларда, парктарда жана эл көп чогулган жерлерде киргизүү пландалып жатат.

"Унаа токтотуучу жайлар аппараттык жана программалык тутумдарга негизделген заманбап система менен жабдылып, адамдардын катышуусун азайтат. Бишкектеги бардык унаа токтотуучу жайлар жана токтотмолор иретке келтирилет", — деп билдирди мэрия.

Системаны иштеп чыгуу үчүн атайын топ түзүлмөкчү.

14
Белгилер:
Бишкек мэриясы, система, унаа токтотуучу жай
Тема боюнча
Эки учурда акы алынбайт. Бишкектеги муниципалдык унаа токтотмолорунун тизмеси