Таштанды үчүн 2 квитанция. Бишкек мэри элди акча төлөбөй турууга чакырды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКвитанция жана калькулятор. Архив
Квитанция жана калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Мэрия жакынкы аралыкта таштанды чыгаруу боюнча маселе чечилерин убадалады. Калаа башчысы окуяны өз көзөмөлүнө алды.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев таштанды үчүн эки квитанция алган Октябрь районунун жашоочуларынан азырынча акча төлөбөй турууну өтүндү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Эгемендүүлүк майрамынан кийин борбор калаадагы Ала-Тоо аянтын тазалагандар түндө төрт тонна таштанды чыгарышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Майрамдан кийин "Ала-Тоодон" канча таштанды чыкты. Сүрөт
Буга чейин аталган райондун туругндарына "Комтранском" менен "Тазалык" муниципалдык кызматынан эки квитанция келип жатканы маалым болгон. Мындан улам шаардыктар кайсы квитанция боюнча акча төлөшү керектигин билбей жатышкан. Жеке компания менен "Тазалыктын" ортосунда соттук териштирүү жүрүп жаткандыктан бул суроого так жооп жок болуп чыкты.

Жунушалиев кечээ кечке жуук жана бүгүн эртең менен районду кыдырып, окуяны өз көзөмөлүнө алды.

Мэрия билдиргендей, акыркы айларда "Комтранском" компаниясы өз милдеттерин так аткарбагандыктан жана "Тазалыктын" ушул районго толук кандуу киришпегендигинен аймактагы таштанды убагында чыгарылбай, жашоочулар ыңгайсыздык тартып жатат.

"Бишкек шаарынын мэри эки квитанция алган шаардыктарды эки жакка тең акча төлөбөй турууга чакырат. Ал эми төлөп койгондордун акчасын "Тазалык" менен "Комтранском" териштирүүнүн жыйынтыгына жараша эсептешип алат", — деп айтылат маалыматта.

Бишкектин мэриясы "Комтранском" бир катар эрежелерди бузганына карабастан компания ээси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселени чечүүнү убадалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0