Кыргызстанга келген пакистандыктардан "Манас" аэропорту канча тапты? Расмий жооп

© AFP / KARIM SAHIBПакистандын жараны аэропортто күтүп жатат. Архив
Пакистандын жараны аэропортто күтүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Министрдин орун басары Кыргызстанга жыл башынан бери 10 миңге чукул пакистандык келгенин эске салып, алардын ар бири электрондук виза үчүн 51 доллардан төлөгөнүн билдирди.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги менен "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчилери Кыргызстанга келген пакистандыктардан өлкө канча каражат тапканын айтып беришти.

Бүгүн, 7-сентябрда, Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети "Манас" эл аралык аэропортунун иши боюнча маселени карады. Анда пакистандыктар тууралуу дагы кеп козголду.

Аба майдандын башкаруучулугунун башкы директору Бакыт Шаршеевдин айтымында, Пакистандын Исламабад, Лахор жана Сиалкот шаарларынан Кыргызстанга 65 чартердик рейс келген. Пакистандыктардын бардыгында тең турвизасы бар.

Шаршеевдин берген маалыматына караганда, "Манас" аэропорту пакистандык туристтердин эсебинен 540 миң доллар тапты.

Ал эми тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Кыргызстанга жыл башынан бери 10 миңдей пакистандык келгенин эске салып, алардын ар бири электрондук виза үчүн 51 доллардан төлөгөнүн билдирди.

"Мындан сырткары, "Кыргыз аэронавигация" 65 рейсти тейлөөдөн 200 миң доллар тапты", — деди Артыкбаев.

Министрдин орун басары, кыргызстандыктар тамак-аш, такси жана башка кызматтарды көрсөтүү менен дагы киреше тапканын кошумчалады.

Кыргызстан чек ара кызматынын шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Чек ара кызматы сентябрдын соңунда пакистандыктардын көбү чыгып кетерин болжоду
Пакистандын жарандары боюнча кырдаал

Буга чейин соцтармактар менен ЖМКлар өлкөдө Пакистандын жарандарынын саны көбөйүп кеткенин, айрыкча алардын көбү Ысык-Көлдө жүргөнүн жазышкан. Ал эми ТИМ чет өлкөлүктөр Кыргызстанга транзит менен келгенин, алар өлкө аркылуу БАЭ менен Сауд Аравияга иштегени кетерин маалымдаган. Буга алардын өз өлкөлөрүндө түз каттамдын жоктугу себеп болгон.

ТИМдин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын башынан 1-сентябрга чейин Кыргызстандын визасын 10 миң пакистандык алган. Жакында эле Индия менен Пакистандын жарандарына виза берүү токтотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0