Милиция кызматкерлери. Архив

Бишкекте атылган айдоочу. 22 милиционер жазаланып, төртөө камакта

157
(жаңыланган 15:59 07.09.2021)
ИИМ жетекчисинин орун басарынын айтымында, УКМКнын тергөө абагында патрулдук милициянын төрт кызматкери кармалууда. Дагы 22 милиционерге түрдүү чара көрүлгөн.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бишкекте атып өлтүрүлгөн айдоочу боюнча иштин алкагында укук коргоо органдарынын 22 кызматкери жоопко тартылды. Бул тууралуу ЖКнын транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында ИИМ жетекчисинин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымына караганда, министрлик кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Ал ошондой эле патрулдук милициянын төрт кызматкери жана жаранды өлтүрүүгө шектелип жаткан тартип сакчы УКМКнын тергөө абагында экенин эске салды.

Абдиев алардан башка дагы бир кызматкер ички иштер органдарынан кетирилгенин, 9 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулганын, дагы 12 милиционерге түрдүү дисциплинардык чара көрүлгөнүн кошумчалады.

Депутат Нурбек Тотонов ИИМге инспекторлор жарандар менен тил табышуусу үчүн маал-маалы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турууну сунуштады.

27-август күнү Бишкекте Кайгуул кызматынын инспектору менен чатакташа кеткен жаранга табелдик куралдын огу тийип көз жумган. Милициянын маалыматына караганда, окуя саат 21.30дарда Жибек жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы келип, бирок жаракат алган адамдын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Аталган факт боюнча КР Жазык кодексинин 321-беренесине ("Бийликтен аша чаап колдонуу") ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катары кенже инспектор Д.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кийинчерээк бул ишти кароо милдети УКМКга өткөрүп берилип, аны атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алган.

157
Белгилер:
милиция, депутат, тартип, сакчы, жаза, ички иликтөө
Тема:
Инспектордун куралынан ок жеген айдоочунун өлүмү (10)
Тема боюнча
Жакында эле үйлөнгөн. Бишкекте атып өлтүрүлгөн айдоочу тууралуу маалымат
Мушташкан эмес! Милиционер атып салган айдоочунун аялы видео кайрылуу жасады
Элчи Тотуяев этникалык кыргыздар менен жолугушуусу

Элчи Тотуяев Пакистанда жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту. Сүрөт

22
(жаңыланган 17:17 20.09.2021)
Элчи боордоштордун Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы маданий жана тарыхый байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгилеген.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Исламабад шаарында аталган өлкөдө жашаган этникалык кыргыздардын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун алкагында элчи этникалык кыргыздардын Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы маданий жана тарыхый байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгилеген. Ошондой эле ар кандай укуктук, социалдык жана күнүмдүк маселелерди чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярдыгын айткан.

Встреча посла КР в Пакистане Уланбека Тотуяева с представителями этнических кыргызов, проживающими в Пакистане. 20 сентября 2021 года
© Фото / пресс-служба МИД КР
Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Исламабад шаарында аталган өлкөдө жашаган этникалык кыргыздардын өкүлдөрү менен жолукту

Өз кезегинде этникалык кыргыздар Кыргыз-Пакистан мамилесин өнүктүрүүгө жана Пакистанда Кыргызстандын имиджин бекемдөөгө багытталган мындан аркы биргелешкен иштерге кызыкдар экенин билдиришкен.

Тараптар Пакистандагы кыргыздардын жана Ала-Тоого көчүп кетүүнү каалаган кайрылмандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында жашаган жерлерине элчинин жакын арада баруусун макулдашты.

22
Белгилер:
Пакистан, этникалык кыргыздар, элчи, жолугушуу, Уланбек Тотуяев
Тема боюнча
Өзбекстанда канча этникалык кыргыз жашаары айтылды
Кыргыздардын Памирде жашашы Афганистанга пайда. Кандаштарды эмне үчүн көчүрбөө керек
Милиция кызматкерлери Бишкектеги Фрунзе заводунун аймагынан бомба издөө учурунда

Бишкекте Фрунзе заводунун аймагынан бомба издеп жатышат

39
(жаңыланган 17:18 20.09.2021)
Милицияга бомба тууралуу эки саат мурун чалуу түшкөн. Учурда заводдун аймагында издөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы Фрунзе заводунун аймагынан бомба изделип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Жарылуучу зат коюлганы тууралуу жашыруун билдирүү милицияга саат 14:50дө түшкөн.

Сотрудники милиции во время поисков бомбы, на территории завода имени Фрунзе в Бишкеке. 20 сентября 2021 года
Жарылуучу зат коюлганы тууралуу жашыруун билдирүү милицияга саат 14:50дө түшкөн

Жерине ыкчам-тергөө тобу, Ленин райондук жана Бишкек шаардык милициянын жетекчилиги чыгып кеткен.

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында заводдун аймагы курчоого алынган. Ошондой эле УКМКнын кызматкерлери дагы келген.

Учурда издөө жана текшерүү иштери жүрүп жатат. Кенен маалымат кийинчерээк берилет.

39
Белгилер:
Бишкек, завод, бомба, издөө
Тема боюнча
ЦУМ менен ГУМда бомба бар деп кабарлоого шектелген аял камакка алынды