Фармацевтикалык компаниянын кызматкерлери иш учурунда. Архив

Коронавирус кесепетинен улам өйдөлөгөн эки тармак. Статистикалык маалымат

49
Статистика боюнча мамлекеттик комитет 2020-жылы Кыргызстандагы өксүгөн жана өйдөлөгөн тармактар боюнча маалымат берди.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн жылы өндүрүш мурдагы жылга салыштырмалуу жалпысынан бир топ төмөндөп кетсе, болгону эки тармакта көбөйгөн. Бул тууралуу Статистика боюнча мамлекеттик комитеттен билдирди.

Сандар менен алсак, мурдагы жылга салыштырмалуу фармацевтикалык продукцияларды өндүрүүнүн көлөмү эки эсеге жана химиялык продукцияныкы 40 пайызга өскөн.

"Фармацевтика продукцияларын өндүрүү көлөмүнүн былтыркы жылга салыштырмалуу өсүшү жараат таңуучу материалдарды, кетгут жана ушул сыяктуу материалдарды, биринчи жардам кутучаларын өндүрүү (18 эсеге), дары (30 пайыз), ветеринардык вакцина (7 эсеге) өндүрүү көлөмүнүн жогорулашы менен шартталды. Химиялык продукцияларды өндүрүү негизинен кычкылтек, башка парфюмердик жана косметикалык продукцияларды (антисептикалык каражаттар) өндүрүү көлөмүнүн өсүшүнөн улам болду", — деп айтылган маалыматта.

2020-жылы иштетүүчү өнөр жайында өндүрүлгөн продукциялардын көлөмү 266 миллиард сомдон көбүрөөгүн түзгөн.

Иштетүүчү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарды (72 пайыз) жана тамак-аш продукцияларын (ичимдиктерди кошкондо), тамеки буюмдарын (13 пайыз) өндүрүүгө туура келген.

Таластагы Киров суу сактагычы
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Былтыркы жылга салыштырмалуу кайра иштетүү өнөр жайынын көлөмүнүн төмөндөшү негизинен мунай продукцияларын, кийим, башка металл эмес минералдык продуктуларды, тамак-аш өндүрүү, ошондой эле негизги металлдарды өндүрүү көлөмүнүн кыскарышы менен шартталды.

Жеңил өнөр жай. 2020-жылы текстиль, кийим, бут кийим, булгаары жана булгаарыдан жасалган башка буюмдарды өндүрүү көлөмү 22 пайызга азайган;

Мунайзат. Бул продукцияларын өндүрүү көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу 59 пайызга кыскарып кеткен. Кыргызстандыктардын ары-бери катташына кара жолго байланыштуу болгондугун эске алсак, бензин чыгаруунун азайышы элдин капчыгына бир топ зыян келтирген. Башкача айтканда, бензин өндүрүү 87 пайыз, ал эми дизелдик май 29 пайыз, мазут өндүрүшү 25 пайызга азайган;

Тамак-аш. Бул тармактагы төмөндөө канттын, өсүмдүк жана малдын майын, ун, нан азыктарын өндүрүү көлөмүнүн азайышынын эсебинен болгон;

Кен байлыктар. 2020-жылы өндүрүштүн 18 миллиард сомдон көбүрөөк болгону менен салыштыра келгенде бул тармак да аксаган. Металл рудаларын жана башка пайдалуу кендерди казуунун көлөмү азайган;

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо. Бул тармакта өсүш болгон. Сумма 38 миллиард сомго жакын болуп, өндүрүү көлөмү арбыган. Бул электр энергиянын иштеп чыгып, бөлүштүрүүнүн, газ жана газ үлгүсүндөгү отунду бөлүштүрүүнүн, жылуулук энергиясы менен камсыздоонун көбөйүшүнө байланыштуу болгон;

Башка тармактар. Былтыркы жылга салыштырмалуу негизги металлдардын өндүрүү көлөмүнүн азайышы асыл (баалуу) металлдардын өндүрүшүнүн 4 пайызга кыскарышына байланыштуу болду;

Башка металл эмес минералдык продукцияларды өндүрүү көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу төмөндөшүнө башка тармактын аксаганы себеп болгон. Тагыраагы, цемент менен айнектен жасалган буюмдарды өндүрүү түшүп кеткен.

49
Белгилер:
Кыргызстан, өнөр жай, өндүрүш, статистика, коронавирус
Тема боюнча
Дээрлик жарымы аялдар. Иш издегендердин саны дагы 4 пайызга көбөйдү
Кыргызстанда канча банк чыгым тартып иштейт? Статистика
Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков. Архив

Нарындын мэри Болотбеков сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулду

2
Шаар башчысы 2020-жылы өткөн паралменттик шайлоо маалында коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим кечээ, 20-сентябрда, чыккан. Болотбеков шайлоодогу коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелүүдө.

УКМК былтыркы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаты мандатын убадалап 300 миң доллар алган деген шек менен "Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, экс-депутат Руслан Чойбековду 16-сентябрда кармаган. Бул иш боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнө ("Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосун") ылайык өндүрүш ачылып, Чойбеков тергөө абагына киргизилген.

Ал эми 18-сентябрда аталган кылмышка катыштыгы бар деген шек менен шайлоодо "Кыргызстан" партиясынан талапкер болгон, учурда Нарындын мэри Самарбек Болотбеков кармалган болчу.

2
Белгилер:
Самарбек Болотбеков, мэр, кармоо, коррупция, бошотуу
Тема боюнча
500 миң долларлык мүлк. "Кыргызстандын" дагы бир экс-депутаты кармалды
Чач тарач иш учрунда. Архив

COVID-19дан кийин чачтын түшүшүн кантип токтотсо болот? Трихологдун кеңеши

3
(жаңыланган 11:52 21.09.2021)
Адистин пикиринде, адам чачтын түшө баштаганын дароо байкабайт. Алгачкы белгилер оору башталгандан 3-4 жума же сакайгандан эки ай өткөн соң билинет.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. COVID-19га чалдыгып сакайгандардын көпчүлүгү чачынын түшүп жатканын айтууда. Аны токтотууга өз алдынча тандап алган каражаттар жардам бере албасын Sputnik радиосунун эфиринде трихолог Юлия Нагайцева айтты.

Адистин пикиринде, адам чачтын түшө баштаганын дароо байкабайт. Алгачкы белгилер оору башталгандан 3-4 жума же сакайгандан эки ай өткөн соң билинет.

"Бул процесстин башталышы гана. Менин жарым жылдык байкоомо караганда, чач түшүп эле тим болбой, башка ооруларды дагы пайда кылууда. Албетте, түшсө дагы өзү калыбына келип, мурдагыдай калыңдыкка жеткен учурлар бар. Ал үчүн адам жаш, организми күчтүү болушу керек. Ал эми чачы оголе жукарып кеткендер адиске кайралганы туура", — деди Нагайцева.

Анын айтымында, дарыканадагы бардык эле каражаттар чачтын түшүшүн токтотууга жардам бере бербейт.

"Чач түшүү — бул оору, аны дарылоо керек. Алгач организмге кайсы элемент жетпей жатканын анализдер аркылуу аныктоо зарыл. Ошондо гана дарыгер бейтапка керектүү каражатты сунуштай алат", — деди трихолог.

Ошондой эле адис COVID-19дан сакайган адамдарды медицинадык кароодон өткөрүү маалында айрымдардан андрогенетикалык алопеция илдети табылып жатканын кошумчалады. Бул илдет чачтын өсүшүн толугу менен токтотуп коет.

3
Белгилер:
дарыгер, коронавирус, чач, кесепет
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Окумуштуулар коронавирустун дагы бир олуттуу кесепетин айтышты
Беларуста COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганын айтты