Бишкектеги массалык флешмоб

Бишкекте массалык флешмоб өткөрүлдү. Сүрөт

56
(жаңыланган 15:36 08.09.2021)
Бийчилер тобу мектеп окуучулары, эстрада жылдыздары жана медицина кызматкерлери менен биргеликте бишкектиктерди эмдөө кампаниясына активдүү катышууга чакырды.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкекте жалпы массалык эмдөө акциясынын алкагында "Эмдөөдөн өт, өзүңдү жана жакындарыңды корго" деген чакырык менен флешмоб өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

  • В Бишкеке в рамках широкомасштабной акции по вакцинации населения прошли флешмобы под девизом Вакцинируйтесь, защитите себя и своих близких!
    Бишкекте жалпы массалык эмдөө акциясынын алкагында "Эмдөөдөн өт, өзүңдү жана жакындарыңды корго" деген чакырык менен флешмобдор өттү
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • В Бишкеке в рамках широкомасштабной акции по вакцинации населения прошли флешмобы под девизом Вакцинируйтесь, защитите себя и своих близких!
    Шаардагы Курманжан датка эстелигинин жанында медицина кызматкерлери, "Жетиген" ансамбли жана № 28 мектеп лицейдин окуучулары чогулушту
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • В Бишкеке в рамках широкомасштабной акции по вакцинации населения прошли флешмобы под девизом Вакцинируйтесь, защитите себя и своих близких!
    "Азия Молл", ГУМ соода борборлорунда жана Жеңиш аянтында өткөн флешмобго "Дарика" бийчилер тобу жана "Каухар" ансамбли катышты. Ал эми "Томми" соода-көңүл ачуу жайында ата мекендик эстрада ырчылары ырдашты
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • В Бишкеке в рамках широкомасштабной акции по вакцинации населения прошли флешмобы под девизом Вакцинируйтесь, защитите себя и своих близких!
    Шаардыктарга эмдөөдөн өтүүнүн пайдасы, коронавирус пандемиясын жеңүүдө жана вакцина алуу жалпы жамааттык иммунитетти калыптандырууда маанилүү экенин түшүндүрүштү. Флешмобдорго шаардагы бейтапканалардан 420 кызматкер тартылды.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 4
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкекте жалпы массалык эмдөө акциясынын алкагында "Эмдөөдөн өт, өзүңдү жана жакындарыңды корго" деген чакырык менен флешмобдор өттү

Шаардагы Курманжан датка эстелигинин жанында медицина кызматкерлери, "Жетиген" ансамбли жана № 28 мектеп лицейдин окуучулары чогулушту. "Азия Молл", ГУМ соода борборлорунда жана Жеңиш аянтында өткөн флешмобго "Дарика" бийчилер тобу жана "Каухар" ансамбли катышты. Ал эми "Томми" соода-көңүл ачуу жайында ата мекендик эстрада ырчылары ырдашты. Шаардыктарга эмдөөдөн өтүүнүн пайдасы, коронавирус пандемиясын жеңүүдө жана вакцина алуу жалпы жамааттык иммунитетти калыптандырууда маанилүү экенин түшүндүрүштү. Флешмобго шаардагы бейтапканалардан 420 кызматкер тартылды.

Мэрия акциянын алкагында каттоосу бар жана каттоого тура электерди акысыз медициналык кароодон өткөрүү уюштурулганын эске салды.

56
Белгилер:
Бишкек, мэрия, эмдөө, флешмоб, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус (82)
Тема боюнча
Кыргызстанда COVID жуктургандардын саны 100дөн төмөндөдү. Статистика
Баткенде COVID-19га каршы эмдөөгө чакырган 10 күндүк акция башталды. Сүрөт
Бишкек — Ош автотрассасы. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

38
22-сентябрда күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Шаршембиде республиканын кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +22…+27, Талас өрөөнүндө +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +20…+25 градус жылыйт.

Күндүн табы Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +28…+30 градусту көрсөтөт.

38
Белгилер:
аба ырайы, сентябрь, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаан-чачындуу күндөр башталабы? Бир жумага карата аба ырайы
Түндүк электрдин кызматкери оңдоо иштер учурунда. Архив

Эртең Бишкектин 29 көчөсүндө жарык өчөт. График

72
Электр жарыгы шаардын борбордук бөлүгүнөн тышкары жаңы конуштарда дагы өчүрүлөт. Буга пландык оңдоолор себеп болууда.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Эртең, 22-сентябрда, Бишкектин 29 көчөсүндө жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы кабарлады.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 9:00-13:00 — Ак-Босого конушунда;
  • 9:00-18:00 — Манас проспектисинин бир бөлүгүндө, Абдумомунов, Фурманов, Севастопольский, Шота Руставели, Целинное, Сухомлинов, Московский көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
  • 9:30-14:00 — Широкий, Томск, Зайсанский, Львов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Тушинский туюк көчөсүндө;
  • 9:30-19:00 — Саратовский, Пархоменко, Фрунзе, Комсомольский, Буденный, Салиева, Шайыр, Тульский, Сводобный, 8-Март, Элебесов, Семипалатинский, Арычный, Токтоналиев көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Манас проспектисинде жана Грозненский туюк көчөсүндө.
72
Белгилер:
Бишкек, жарык өчүрүү, көчө, 'Түндүк Электр' ишканасы
Тема боюнча
Жаан-чачындуу күндөр башталабы? Бир жумага карата аба ырайы
Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров. Архив

ЛГБТны Чеченстанда да коргоого чакырган Байденге Кадыров жооп берди

0
(жаңыланган 23:35 21.09.2021)
Чечен Республикасынын президенти АКШ лидерине тамаша иретинде жооп берип, өз өлкөсүнө чакырган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байден БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында сөз сүйлөп жатып ЛГБТны коргоого чакырды.

"Биз, баарыбыз, ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын коргоп турушубуз керек. Алар Чеченстанда же Камерунда, же дүйнөнүн башка бурчунда болобу, эч нерседен коркпой сүйүүсү менен ачык жашашы керек", — деди Байден.

Көп өтпөй Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров ага Telegram-каналы аркылуу жооп кайтарганын RT жазды.

"Байден ушунчалык акылга сыйгыс билдирүү жасады, жооп катары биздин республикага чакырам. Ал Чечен Республикасына келип бизде жадагалса андай сөз дагы жок экенин көрүп кетсин. Алардын ордуна бизде тооктун күйөөсү бар", — деп жазып, каткырган быйтыкча койгон.

Белгилей кетсек, учурда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясы өтүп жатат.

0
Белгилер:
АКШ, Жо Байден, Рамзан Кадыров
Тема боюнча
Байден Австралиянын премьер-министринин атын эстей албай... Видео
Рамзан Кадыров UFC мушкери менен кармашты. Видео