Күн сууктап, кар түшөт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте кар жаап жатканда кол чатыр менен киши. Архив
Бишкекте кар жаап жатканда кол чатыр менен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Жазылуу
Тоолуу райондордо жамгыр карга айланат, ал эми бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Башка райондордо жамгыр жаап, катуу шамал болот.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. 10-11-сентябрда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, бир катар жерлерге кар түшөрүн Кыргызгидромет кабарлады.

10-сентябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын басымдуу бөлүгүндө, Ош, Жалал-Абад, Баткендин айрым райондорунда мезгил-мезгили менен жамгыр төгүп, добул болот. Тоолуу райондордо жамгыр карга айланат, ал эми бийик тоолуу аймактарга кар түшөт.

11-сентябрда Чүй, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткендин дээрлик бардык жерлеринде, Талас, Нарын облустарынын бир катар аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр төгүп, тоолуу райондорго кар түшөрү айтылды. Алардын ичинен кээ бир райондорунда жамгыр катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр болсо, кээ бир жерлерде катуулап, секундасына 17-22 метрге жетери айтылды.

10-11-сентябрдын түнүндө аба сезилерлик муздайт.

Чүй облусунда түнү 7…12, күндүзү 18…23 градус, ал эми тоо этектериндеги райондордо түнү 5…10, күндүзү 14…19 градустун тегерегинде болору кабарланды.

Наступление осени в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2021
Күн ачык болот. Бир жумага карата аба ырайы
Талас облусунда термометр түнү 4…9, күндүзү 17…22 градусту көрсөтөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнү 10…15, күндүзү 23…28 градустун, ал эми тоо этектериндеги райондордо түнү 7…12, күндүзү 20…25 градустун тегерегинде болот.

Ысык-Көл өрөөнүндө термометр түнү 6…11, күндүзү 20…25 градусту көрсөтөт.

Нарындын дыйканчылык аймактарында түнү 3…8, күндүзү 20…25 градус, ал эми тоолуу райондордо түнү -3…+2, күндүзү 6…11 градустун тегерегинде болот.

Өзгөрүлмөлүү аба ырайы айыл, мал чарбачылыгындагы иштерди, жайыттардагы малды кармоону кыйындатып, энергетика жана коммуналдык багыттагы кызматтарды аткарууда машакат жаратары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0