Таласта жана Кара-Балтада асыл тукум койлордун көргөзмөсү өтөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Арашан" тукумундагы койлор. Архив
Арашан тукумундагы койлор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Иш-чара кой чарбасын өнүктүрүүнү, жайылтууну, тажрыйба алмашууну жана селекциялык жетишкендиктер менен бөлүшүүнү көздөйт.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Талас облусунда жана Кара-Балта шаарында асыл тукум койлордун көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Таласта фермерлердин иш-чарасы 11-сентябрда Эшим Кутманалиев атындагы стадиондо өтөт. Анда эт багытындагы койлордун бир нече түрү көрсөтүлөт.

Ал эми Кара-Балтадагы республикалык көргөзмө 18-сентябрга белгиленген, ага "Арашан" тукумундагы койлор алып келинет. Белгилей кетсек, эт-май багытындагы бул койлор быйыл гана каттоого алынды.

Иш-чара кой чарбасын өнүктүрүүнү, жайылтууну, тажрыйба алмашууну жана селекциялык жетишкендиктер менен бөлүшүүнү көздөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0