Кыргызстандагы COVID: 104 киши жуктуруп, эки бейтап көз жумду

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматкери. Архив
Тез жардам кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Пандемиядан бери баш-аягы 176 883 кишиден вирус тастыкталып, анын 171 048и ооруну жеңди. Тилекке каршы, эки жарым миңден ашуун адам каза тапты.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада COVID инфекциясын 104 киши жуктуруп, эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ооруга кабылгандар:

  • Бишкек — 61;
  • Ош шаары — 1;
  • Чүй облусу — 16;
  • Талас облусу — 3;
  • Нарын облусу — 3;
  • Ысык-Көл облусу — 9;
  • Жалал-Абад облусу — 7;
  • Баткен облусу — 4.

Пандемиядан бери баш-аягы 176 883 кишиден вирус тастыкталды.

Ал эми бир сутка ичинде 137 адам сакайды. Ооруну жеңгендердин жалпы саны 171 048ге жетти.

Тилекке каршы, өткөн суткада эки киши көз жумду. Коронавирус жалпы 2 563 кыргызстандыктын өмүрүн алган.

Ошондой эле стационарда 698, амбулатордук түрдө 1 122 бейтап дарыланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0