ЖККУ күчтөрү Кыргызстанда террорчулукка каршы "операция" өткөрдү

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүБорбордук Азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун ыкчам аракетке келүүчү күчтөрүнүн "Рубеж-2021" машыгуусунун алкагында террорчулукка каршы операция
Борбордук Азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун ыкчам аракетке келүүчү күчтөрүнүн Рубеж-2021 машыгуусунун алкагында террорчулукка каршы операция - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Ысык-Көл облусундагы машыгууга 1 000ден ашуун киши катышып, 150дөн ашуун аскердик атайын техника пайдаланылды. Бүгүн анын активдүү фазасы болду.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук Азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун ыкчам аракетке келүүчү күчтөрүнүн "Рубеж-2021" машыгуусунун алкагында террорчулукка каршы операция өткөрдү. Бул туурасында Коргоо министрлигинен кабарлашты.

Бүгүн "Эдельвейс" окуу борборунда "Рубеж-2021" машыгуусу өтүп жатат.

"Катышуучулар террорчулукка каршы биргелешкен операция өткөрдү. Алар ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн аймагына кирип келген мыйзамсыз түзүлгөн куралдуу топту жок кылган", — деп кошумчалаган "Рубеж-2021" машыгуусунун маалымат кызматы.

Жалпысынан аталган иш-чарага 1 000ден ашуун адам катышып, 150 даана аскердик жана атайын техника пайдаланылган. Алардын ичинде бир нече ракеталык система, Су-30СМ истребителдери, Су-25 чабуул жасоочу учактары жана Ми-8 тик учагы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0