Кытай Кыргызстанга 1,5 миң тонна буудай жөнөтмөй болду

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүБуудай. Архив
Буудай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Министр менен элчи ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо үчүн бардык жаатта кызматташууга даяр экендиктерин белгилешти.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району Кыргызстанга 1500 тонна буудай жана COVID-19 менен күрөшүүгө жеке коргонуу каражаттарын гумжардам катары жөнөтөт. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Бүгүн, 9-сентябрда, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын элчиси Ду Дэвень менен жолуккан.

"Тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, буга чейин жетишилген келишимдердин аткарылышын талкуулашты. Ошондой эле 16-17-сентябрда Душанбеде өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынын уюштурууга байланышкан маселелер каралды", — деп айтылат маалыматта.

Министр менен элчи ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоо үчүн бардык жаатта кызматташууга даяр экендиктерин белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0