Бийлик мени айыгат деп үмүттөндү. Ниязов элчилик кызматтан кеткен себебин айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаКыргызстандын Афганистандагы мурдагы элчиси Мирослав Ниязов
Кыргызстандын Афганистандагы мурдагы элчиси Мирослав Ниязов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Иштен кеткен элчи Кыргызстан жаңы афган бийлиги менен байланыш түзө элек болгондуктан дипломаттар активдүү иштеши керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Афганистандагы мурдагы элчиси Мирослав Ниязов кызматынан кеткен себебин айтты.

Буга чейин президенттин маалымат кызматы Ниязов өзүнүн жазган арызынын негизинде иштен алынганын кабарлаган.

Экс-элчи Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына отставкага кетүү арызын үч ай мурда эле жазганын билдирди.

"Менин иштен кеткеним Афганистандагы кырдаалга байланыштуу эмес. Биздин дипломаттар штаттык режимде иштеп жатат. Мен ден соолугума байланыштуу отставкага кетүүнү сурангам. Кечээ 70 жашка толдум, бүгүн жарлык чыкты. Бийлик сакайып кетериме ишенип ушул күнгө чейин күткөнүнө ыраазычылык билдирем. Бирок жашым келип калгандыктан кетүүнү чечтим", — деди Ниязов.

Анын айтымына караганда, талибдер эл аралык нормаларды сактап, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жакшы мамиле жасап жатат. Ал ошондой эле Кыргызстан жаңы афган бийлиги менен байланыш түзө элек болгондуктан дипломаттар активдүү иштеши керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0