10-сентябрда Бишкектин бир катар аймагында электр жарыгы өчүрүлөт. Тизме

© AFP / JOEL SAGETЛампочка. Архив
Лампочка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Монтаждоочу топтун кызматкерлери электр жабдууларын оңдоп, трансформатордун, көмөк чордондордун иштешин жөнгө салышат.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Эртең, жума күнү, Бишкектин бир катар райондорунда электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Райондордун тизмеси:

  • 9:00дөн 13:00гө чейин — Кара-Жыгач конушунда;
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Энесай конушунда;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Манас проспектисинде (№61 үй), Ветеринар, Исанов, Самойленко, Кырман, Баялинов, Жамбул көчө бөлүктөрүндө, Жети-Өгүз, Көл кууш көчөлөрүндө, Керемет конушунда, 110-кварталда (Мессароша, Профсоюз көчөлөрүндө), Арча-Бешик конушунда (Бердибаев, Кара-Кужур, Миң-Куш, Термечиков, Ак-Түз, №79 көчөлөрү), Ак-Өргө конушу (Огуз-Ата, Кырк-Кыз, Тимур Фрунзе, Гагарин көчөлөрү), Ак-Босого конушу (Чүй 29-30, 40, 41, 45 көчөлөрүндө);
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Байтик баатыр, Горький, Кулатов көчөлөрүндө;
  • 9:30дан 18:30га чейин — Достоевский, Горький, Субан-Ата, Исакеев көчөлөрү жана Кара-Жыгач конушу менен чектелген аймакта;
  • 9:30дан 18:50гө чейин — Школьная, Үсөнбаев көчөлөрү, Жибек жолу проспектиси жана Чоң Чүй каналы менен чектелген аймакта;
  • 13:00дөн 17:00гө чейин — 12-кичи райондо (№32-59 үйлөрдө).
Жаңылыктар түрмөгү
0