COVID менен сасык тумоонун вакцинасын чогуу алса болобу? Адистин жообу

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАвтограф-сессия К. Богомолова в центре вакцинации от COVID-19 в Гостином дворе
Автограф-сессия К. Богомолова в центре вакцинации от COVID-19 в Гостином дворе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
Дарыгер сасык тумоо сентябрь-ноябрь айларында күч аларын айтып, анда да эмдөөдөн өтүүгө чакырган. Бирок коронавируска каршы вакцина экөөнүн аралыгын сактоо керек.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Коронавирус инфекциясы менен сасык тумоонун вакцинасын алуунун ортосу бир ай болушу керек. Бул тууралуу Роспотребнадзордун алдындагы Эпидемиология борборунун Илим-изилдөө институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, профессор Александр Горелов РИА Новостиге билдирген.

Буга чейин ЖМКлар бир күндө коронавирус, сасык тумоо жана пневмококк ооруларына каршы эмдөөдөн өтсө мүмкүн экенин жазышканы белгиленет.

"Сасык тумоо менен пневмококко вакцинаны чогуу алса болот. Бирок коронавирустан коргогон вакцинаны же ревакцинаны сасык тумоого каршы дарыдан кийин бир айдан соң гана сайдыруу керек", — деген Горелов.

Ал коронавирустан коргогон препараттын биринчи же болбосо экинчи дозасын алган адам 30 күндөн кийин сасык тумоонун вакцинасын ала берерин кошумчалады.

Горелов сасык тумоо сентябрь-ноябрь айларында күч аларын айтып, андан да эмделүүгө өтүүгө чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0