Өкмөт үйүнүн алдында митинг болуп өттү. Акция катышуучуларынын максаты

© Sputnik / Бакыт СмаиловӨкмөт үйүнүн алдында "Дордой" базарында соода кылгандардын митинги
Өкмөт үйүнүн алдында Дордой базарында соода кылгандардын митинги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
Акциянын катышуучуларынын бири бажы пошлинасы кымбаттагандыктан соодагерлер товарларын ала албай убара болуп жатканын айткан.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Өкмөт үйүнүн алдында "Дордой" базарында соода кылгандардын митинги болуп өттү.

Акцияга болжол менен 25-30 адам чогулган. Алар Бажы кызматынын пошлинанын баасын айтпай көтөрүп салганына нааразы болуп чыгышкан.

© Sputnik / Бакыт СмаиловАкцияга болжол менен 25-30 адам чогулган. Алар Бажы кызматынын пошлинанын баасын айтпай көтөрүп салганына нааразы болуп чыгышкан
Өкмөт үйүнүн алдында митинг болуп өттү. Акция катышуучуларынын максаты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Акцияга болжол менен 25-30 адам чогулган. Алар Бажы кызматынын пошлинанын баасын айтпай көтөрүп салганына нааразы болуп чыгышкан

Митингчилердин бири мындан улам соодагерлер товарларын ала албай убара болуп жатканын айткан.

"Азыр азык-түлүк кымбат болсо, эл кантип кийим сатып алат? Түркиядан келген товарларды кездеменин бир килограммына эле доллардын баасын коюп койгону үчүн ала албай жатабыз. Бизге мындай иштөө пайда алып келбейт", — деди ал.

Акциянын катышуучулары менен бийлик өкүлдөрү чыгып сүйлөшүп, натыйжада Бажы кызматынын өкүлдөрү менен Экономика министрлигинин имаратында жолугушуу чечими кабыл алынды.

Шаршемби күнү ушундай эле митинг базардын аймагында да болгон. Кийинчерээк бул боюнча Мамлекеттик бажы кызматы билдирүү таратып, бажы пошлинасы менен салык коюму өзгөрбөгөнүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0