"Унаа" автоунааны текшерип жатканда эмнеге сүрөткө тартууда? Түшүндүрмө

© Фото / пресс-служба Министерства цифрового развития КР"Унаа" автоунааны текшерип жатканда сүрөткө тартуу
Унаа автоунааны текшерип жатканда сүрөткө тартуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
Сүрөткө тартуудан кийин электрондук базага сүрөт менен бирге ал кайсы жерде тартылгандыгы тууралуу маалымат дагы кошо камтылат. Андан тышкары, кузовдун номери, текшерүү жүргүзүлгөн күн дагы базага киргизилет.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен автоунааны катоого алып жатканда эмне себептен аны планшетке сүрөткө тартып алып жатышканын түшүндүрүштү.

© Фото / пресс-служба Министерства цифрового развития КРПроцедура фотографирования автомашин при регистрации в ГУ "Унаа". 10 сентября 2021 года
Санариптик өнүктүрүү министрлигинен автоунааны катоого алып жатканда эмне себептен аны планшетке сүрөткө тартып алып жатышканын түшүндүрүштү - Sputnik Кыргызстан
1/4
Санариптик өнүктүрүү министрлигинен автоунааны катоого алып жатканда эмне себептен аны планшетке сүрөткө тартып алып жатышканын түшүндүрүштү
© Фото / пресс-служба Министерства цифрового развития КРПроцедура фотографирования автомашин при регистрации в ГУ "Унаа". 10 сентября 2021 года
Ведомствонун маалымат кызматы сүрөткө тартуу процедурасы август айынан башталганын тастыктады - Sputnik Кыргызстан
2/4
Ведомствонун маалымат кызматы сүрөткө тартуу процедурасы август айынан башталганын тастыктады
© Фото / пресс-служба Министерства цифрового развития КРПроцедура фотографирования автомашин при регистрации в ГУ "Унаа". 10 сентября 2021 года
Сүрөткө тартуудан кийин электрондук базага сүрөт менен бирге ал кайсы жерде тартылгандыгы тууралуу маалымат дагы кошо камтылат - Sputnik Кыргызстан
3/4
Сүрөткө тартуудан кийин электрондук базага сүрөт менен бирге ал кайсы жерде тартылгандыгы тууралуу маалымат дагы кошо камтылат
© Фото / пресс-служба Министерства цифрового развития КРПроцедура фотографирования автомашин при регистрации в ГУ "Унаа". 10 сентября 2021 года
Андан тышкары, кузовдун номери, текшерүү жүргүзүлгөн күн дагы базага киргизилет - Sputnik Кыргызстан
4/4
Андан тышкары, кузовдун номери, текшерүү жүргүзүлгөн күн дагы базага киргизилет
1/4
Санариптик өнүктүрүү министрлигинен автоунааны катоого алып жатканда эмне себептен аны планшетке сүрөткө тартып алып жатышканын түшүндүрүштү
2/4
Ведомствонун маалымат кызматы сүрөткө тартуу процедурасы август айынан башталганын тастыктады
3/4
Сүрөткө тартуудан кийин электрондук базага сүрөт менен бирге ал кайсы жерде тартылгандыгы тууралуу маалымат дагы кошо камтылат
4/4
Андан тышкары, кузовдун номери, текшерүү жүргүзүлгөн күн дагы базага киргизилет

Ведомствонун маалымат кызматы сүрөткө тартуу процедурасы август айынан башталганын тастыктады.

"Сүрөт аркылуу бул же тигил автоунаа текшерүүдөн өткөнүн көрүп, тастыктаса болот", — дешти министрликтен.

"Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Бакытбек Шералиев айдоочуларга кошумча кезек күтүп калган учурларды түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.

"Ушул тапта транспорттук каражаттын электрондук паспортун киргизүү үчүн маалымат базасын түзүп жатабыз. Ошондой эле автоунааны каттоодогу коррупциялык схемаларды жоюуга аракет кылуудабыз", — деди Шералиев.

Сүрөткө тартуудан кийин электрондук базага сүрөт менен бирге ал кайсы жерде тартылгандыгы тууралуу маалымат дагы кошо камтылат. Андан тышкары, кузовдун номери, текшерүү жүргүзүлгөн күн дагы базага киргизилет.

Министрлик айдоочуларга "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында чогулган айып пулду автоунааны кайра каттатууга чейин төлөп салууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0