Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте кол чатыр менен кыз
Бишкекте кол чатыр менен кыз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
11-сентябрда өлкө аймагында жылуу жана кургак абанын сакталгандыгына байланыштуу аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Ишембиде айрым аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +25…+30, Таласта +21…+26, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +18…+23 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +28…+30 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0