Бизнесменден үйрөнө турчу адаттар. Психологдун кеңеши

© REUTERS / MANUEL SEOANEЧөнтөктөн чыгып турган АКШ долларлары. Архив
Чөнтөктөн чыгып турган АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Жазылуу
Адис ийгиликке жеткен адамды алдына коюлган максаты эле эмес, буга жетүүнүн өзү түзгөн "жолдору" алып барарын айтты.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Ишкерлерди, бизнесте ийгиликке жеткен адамдын башкалардан өзгөчөлөнткөн сапаты бар экенин психолог Дмитрий Синарев билдирди. Бул тууралуу "Прайм" агенттиги жазды.

Ийгиликке жеткен адамды алдына коюлган максаты эле эмес, буга жетүүнүн өзү түзгөн "жолдору" алып барат.

"Аларды өзгөчөлөнтүп турган сапат – убактысына аярлап мамиле кылуусу, аны баалай билүүсү. Мындай кишилер убакытты бекерге кетирбей, туура пайдалана билет. Алар компьютердик оюндарга алаксыбайт, социалдык тармакты максатсыз эле эрмектеп карап отурбайт, аягы белгисиз сериалдарды көрбөйт. Мындай нерселерди алар "time killer" деп билишет", – деген Синарев.

Буга чейин адис жалкоолуктан арылуунун үч жолун айтып берген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0