60 жаштан өткөн адам кайсы тамактан баш тартуусу керек

© Sputnik / Артур Лебедев / Медиабанкка өтүүДүкөндө азык-түлүк сатып алып жаткан адам. Архив
Дүкөндө азык-түлүк сатып алып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Жазылуу
Диетолог улгайып калган адам ден соолугуна зыян келтирип албаш үчүн кандай тамак-аштан баш тартып же рационунан азайтуусу керектигин айтып берди.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Диетолог Михаил Гинзбург 60 жаштан өткөндөн кийин кайсы азыктардан баш тартуу керектигин санап берди. Дарыгер көбүнесе таттуудан оолактоо керектигин эскертет.

Адистин сөзүнө таянып "Известия" басылмасынын жазганына караганда, улгайып калган кишилер кант, бал, кыямдан тышкары момпосуйду деле жебей койгону жакшы. Ошондой эле чайды кумшекерсиз ичкени туура болот.

"Мындан тышкары, уй менен койдун этин азайтып, тоок эти же балыкты көбүрөөк жегенге аракет кылуу керек. Рациондон суу майдын азайганы дагы туура. Анткени май ооруган жерлерге "бычактай" тиет", — деди дарыгер.

Адистер жашы өтүп калган адамдын организмине жогорку сорттогу ундан жасалган нандын, картошканын жана күрүчтүн пайдасына караганда залакасы көбүрөөк экенин эскертишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0