COVID: бүгүн 100 кишиден вирус табылды

© AFP / BRANDON BELLМедициналык кызматкер COVID-19га тест учурунда
Медициналык кызматкер COVID-19га тест учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Жазылуу
Ушуну менен илдетке кабылгандардын жалпы саны 177 083кө жетти. Ал эми 171 326 адам сакайып чыкты.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде 100 адамдан коронавирус аныкталып, ооруну 146 киши жеңип чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 55;
  • Чүй облусу – 17;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Жалал-Абад облусу – 6;
  • Баткен облусу – 4.

Ушуну менен илдетке кабылгандардын жалпы саны 177 083кө жетти. Ал эми сакайып чыккандар 171 326ны түздү.

Тилекке каршы, COVID-19 акыркы суткада үч адамдын өмүрүн алып, көз жумгандардын саны 3 569 болду.

Ооруканада 648 бейтап жатат, 1 086 киши үй шартында дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0