Кан басымы жогору адамдар кайсы эрежелерди карманышы керек

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүКан басымды өлчөө учурунда
Кан басымды өлчөө учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Жазылуу
Гипертония — жүрөк-кан тамыр системасында кан басымынын нормадан жогору болуп турушу. Аны менен дүйнө жүзүндө 1,28 миллиард адам жабыркайт.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Гипертония — дүйнө жүзү боюнча адам өлүмүнө эң көп себепкер болгон оорулардын бири. Илдетке чалдыккандар күтүлбөгөн нерселерди алдын алуу үчүн ар дайым туура тамактанып, көп кыймылдашы керек. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде терапевт, жогорку категориядагы дарыгер Алексей Водовозов айтып берди.

Маалыматка караганда, мындан 30 жыл мурда жер жүзүндө 650 миллион кишинин кан басымы нормадан жогору болсо, бүгүнкү күндө көрсөткүч 1,28 миллиардга жеткен.

"Бул адамдардын басымдуу бөлүгү өзүнүн кан басымы көйгөйлүү экенин билбейт. Ошол себептүү маал-маалы менен медициналык кароодон өтүп туруу керек. Анткени гипертония бара-бара инфаркт, инсульт, жүрөк кемтиги, көрбөй калуу жана бөйрөк ооруларына алып келет", — деди Водовозов.

Адис сөз болуп жаткан илдетке кабылган адамдарга бат-баттан кан басымды текшерип, туура тамактанып жана көп кыймылдоону сунуштаган.

Сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Ар бир кадам өмүрдү узартат! Адис жөө басуунун пайдасын айтты
"Туура тамактануу дегеним рациондо май жана туз азыраак болушу шарт. Ал эми кыймыл жагынан айта турган болсок, күйүкпөгүдөй абалда тепкичтен чыгып-түшүп же таза абада көп басуу керек", — деди дарыгер.

Ошондой эле ичимдик менен чылымдан баш тартып коюу туура экенин кошумчалады.

Гипертония — жүрөк-кан тамыр системасында кан басымынын нормадан жогору болуп турушу.

Жаңылыктар түрмөгү
0