Касперский лабораториясынын башкы директору Евгений Касперский жана КР УКМКнын төрагасынын орун басары Жаныбек Жоробаев

"Киберкалкан". УКМК кибер чабуулга каршы система түзүлөрүн билдирди

99
(жаңыланган 12:24 11.09.2021)
Атайын кызмат "Касперский лабораториясы" компаниясы менен кибер коопсуздук боюнча комплекстик системаны киргизип, иштеп чыкмакчы.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. "Касперский лабораториясы" эл аралык компаниясы жана УКМКнын кибер коопсуздукту камсыздоо координациялык борбору Кыргызстанда "киберкалкан" түзүшөт. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Билдирмеге караганда, мекеме "Касперский лабораториясы" компаниясы менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койгон. Келишимдеги негизги тапшырмалардын бири — кибер коопсуздук боюнча комплекстик системаны киргизип, иштеп чыгуу.

Эл аралык компаниянын маалыматы боюнча, 2021-жылдын башынан бери Кыргызстандагы ар бир төртүнчү интернет колдонуучу түрдүү чабуулга кабылган.

Ушул жылдын алты айында компания өлкөдө жасалма баракчага өтөм деген 60 миң аракетти блоктогон. Каракчылар көбүнчө уюмдарга кол салат. Маселен, жарым жыл ичинде Кыргызстанда корпоративдик колдонуучулардын 19 пайызы веб-коркунучка, ал эми 42 пайызы вирустук чабуулга кабылган.

"Касперский лабораториясы" долбоорго дасыккан адистерди тартууну пландап жатканы айтылды.

"Компания коргонууну өз алдынча башкарууга жардам берип, бул багытта системдик администратор жана маалымат системасы боюнча адистерге семинар өткөрүп, аларга консультация берип турмакчы. Мындан тышкары. ЖОЖдордун биринде "маалыматтык коопсуздук" деп аталган окуу борборун жана класстарды ачуу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.

УКМК болсо жеке колдонуучу, бизнес жана мамлекеттик секторго кибер чабуул жасагандарга каршы күрөшө турганы айтылды.

99
Белгилер:
УКМК, коркунучтар, маалымат, вирус, кибер коопсуздук
Тема боюнча
20 млн. сом зыян келтирген. Бишкек менен Чүйдө майнинг-фермалар аныкталды. Видео
Хакерлер кантип Instagram-аккаунтту талкалап, телефонду аңтарышат
Бишкектеги унаа токтотуучу жай. Архив

Бишкекте унаа токтотуучу жайлардын заманбап системасы түзүлөт

13
(жаңыланган 11:35 20.09.2021)
Муниципалитет унаа токтотуучу жайда иштеген адамдардын кызматын компьютердик система аткарып калышы мүмкүндүгүн билдирди.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардык унаа токтотуучу жайлардын заманбап системасын түзүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Бул иш борбордогу унаа токтотуучу жайларды иретке келтирүүгө багытталган.

Системаны биринчи кезекте муниципалдык унаа токтотуучу жайларда, көчөлөрдө, базарларда, парктарда жана эл көп чогулган жерлерде киргизүү пландалып жатат.

"Унаа токтотуучу жайлар аппараттык жана программалык тутумдарга негизделген заманбап система менен жабдылып, адамдардын катышуусун азайтат. Бишкектеги бардык унаа токтотуучу жайлар жана токтотмолор иретке келтирилет", — деп билдирди мэрия.

Системаны иштеп чыгуу үчүн атайын топ түзүлмөкчү.

13
Белгилер:
Бишкек мэриясы, система, унаа токтотуучу жай
Тема боюнча
Эки учурда акы алынбайт. Бишкектеги муниципалдык унаа токтотмолорунун тизмеси
Бишкек Жылуулук электр борборунун башкы инженеринин орун басары Нурлан Кулжыгачов

Кулжыгачов: Бишкек ЖЭБи күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даяр

9
Бишкек Жылуулук электр борборунун башкы инженеринин орун басары Нурлан Кулжыгачов Бишкек ЖЭБ күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдык пландык негизде аткарылып жаткандыгын айтты.

Күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБине жалпысынан 1 миллион 650 миң тонна көмүр керек. Мындай маалыматты Нурлан Кулжыгачов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Кулжыгачов: Бишкек ЖЭБи күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даяр

Анын айтымында, калкты, анын ичинде социалдык жана башка объектилерди үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуу үчүн тынымсыз иштер жүрүүдө.

"Келе жаткан 2021-2022-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгилине өкмөттүн токтому боюнча 1 миллион 650 миң тонна көмүр керек. Анын бир миллион тоннасы жергиликтүү Кара-Кече көмүрү болсо, 643 миң тоннасы импорттолот. Учурда келишимдин баары түзүлүп, коюлган графиктин негизинде келип жатат. Кампада 225 миң тонна көмүр бар. Мындан тышкары, биздин ишканада 17 буу казан, тогуз буу агрегатыбыз бар. От казандарды жана турбогенераторлорду оңдоо белгиленген мөөнөтүндө аткарылып жатат", — деди Кулжыгачов.

Ошондой эле адис Бишкек Жылуулук электр борбору республикадагы электр энергиясынын 15 пайызын камсыз кыларын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

9
Белгилер:
Бишкек, жылуулук, электр жарыгы, жылытуу маалы, ысык суу
Тема боюнча
Суу тартыштыгы. Министрлик элди көмүр менен газ камдоого чакырды