Facebook КР дипломаттарына соцтармакты туура колдонуу жолдорун көрсөттү. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МИД КРТИМ кызматкерелри санарип дипломатия боюнча вебинарда
ТИМ кызматкерелри санарип дипломатия боюнча вебинарда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Жазылуу
Вебинарда Facebook компаниясынын коомдук саясат боюнча башчысы Жордж Чен сөз сүйлөп, Кыргызстан санариптик дипломатия боюнча семинар уюштурган Борбор Азиядагы биринчи өлкө болгонун белгиледи.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Facebook корпорациясы менен биргеликте министрликтин кызматкерлери жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелеринде иштеген адистери үчүн санарип дипломатия боюнча вебинар өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Иш-чара дипломаттарды эл аралык маалымат мейкиндигинде өлкөнү жана анын кызыкчылыктарын пропагандалоо үчүн социалдык тармактарды колдонууну үйрөтүүгө багытталган", — деп айтылат маалыматта.

Вебинарда Facebook компаниясынын коомдук саясат боюнча башчысы Жордж Чен сөз сүйлөп, Кыргызстан санариптик дипломатия боюнча семинар уюштурган Борбор Азиядагы биринчи өлкө болгонун белгиледи. Ал буга Кыргызстандын активдүү санариптик трансформациясы себеп экенин айтып, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин кошумчалаган.

© Фото / пресс-служба МИД КРСотрудники министерства на вебинаре по цифровой дипломатии. 11 сентября 2021 года
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Facebook корпорациясы менен биргеликте министрликтин кызматкерлери жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелеринде иштеген адистери үчүн санарип дипломатия боюнча вебинар өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Facebook корпорациясы менен биргеликте министрликтин кызматкерлери жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелеринде иштеген адистери үчүн санарип дипломатия боюнча вебинар өткөрдү
© Фото / пресс-служба МИД КРВебинар по цифровой дипломатии для сотрудников МИД и загранучреждений. 11 сентября 2021 года
Вебинарда Facebook компаниясынын коомдук саясат боюнча башчысы Жордж Чен сөз сүйлөп, Кыргызстан санариптик дипломатия боюнча семинар уюштурган Борбор Азиядагы биринчи өлкө болгонун белгиледи - Sputnik Кыргызстан
2/2
Вебинарда Facebook компаниясынын коомдук саясат боюнча башчысы Жордж Чен сөз сүйлөп, Кыргызстан санариптик дипломатия боюнча семинар уюштурган Борбор Азиядагы биринчи өлкө болгонун белгиледи
1/2
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Facebook корпорациясы менен биргеликте министрликтин кызматкерлери жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелеринде иштеген адистери үчүн санарип дипломатия боюнча вебинар өткөрдү
2/2
Вебинарда Facebook компаниясынын коомдук саясат боюнча башчысы Жордж Чен сөз сүйлөп, Кыргызстан санариптик дипломатия боюнча семинар уюштурган Борбор Азиядагы биринчи өлкө болгонун белгиледи

Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев компаниянын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, өлкөнүн тышкы саясий кызыкчылыктарын илгерилетүү, чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн баракчалары аркылуу кыргыз жарандарына жардам көрсөтүүдө социалдык тармактар маанилүү роль ойноорун белгилеген.

Ошондой эле ал Facebook компаниясына Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин COVID-19 боюнча эмдөө программасын жарнамалоого жардам бергени үчүн рахматын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0