Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровБаткен районунун Катран айылы. Архив
Баткен районунун Катран айылы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Жазылуу
12-сентябрда республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жекшембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +22…+27, Талас өрөөнүндө +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көлдө +21…+26, Нарын аймагында +19…+24 градусту көрсөтөт.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы борбордо +24…+26, Ош шаарында +27…+29 градус болуп жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0