Дарыгер аба тазалагычтын ден соолукка зыянын айтты

© Фото / Pixabay / khantayyab98Аба тазалагыч. Архив
Аба тазалагыч. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Жазылуу
Анда химиялык элемент өтө көп болгондуктан аллергиясы бар адам думугуп, анафилактикалык шок алышы да ыктымал.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Аба тазалагыч дээрлик ар бир үйдө, кеңседе бар. Дал ошол каражаттын курамында химиялык элементтер болгондуктан ал ден соолукка зыянын тийгизиши ыктымал. Бул тууралуу терапевт Людмила Лапанын айтымына таянып "Известия" басылмасы жазды.

Дарыгер аллергия, өпкө оорусу менен жабыркагандар, астмасы барлар аба тазалагычты этияттап колдонушу зарыл экенин айткан. Ал тургай аны колдонбошу керек.

"Мында химиялык элемент өтө көп болгондуктан аллергиясы бар адам думугуп, анафилактикалык шок алышы да ыктымал. Өнөкөт бронхити барлар же өпкөсү ооругандар аба тазалагычты таптакыр колдонбой деле койсо болот", — деген Лапа.

Терапевт белгилегендей, чачма тазалагычта концентрация жогору болгондуктан, андан адамдын башы айланып, көзү кычышып, эсин жоготуп коюшу мүмкүн.

Адис булардын арасынан таза эфир майлары менен жасалган жыттуу диффузор зыян эмес экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0