Күн кайра ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте бет кап кийген аял
Бишкекте бет кап кийген аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Жазылуу
Бул аптада башка аймактарга салыштырмалуу Ысык-Көлдө жаан көп жаай турганы божомолдонду. Талас облусу, Бишкек шаарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, келе жаткан жумада аба ырайы бир калыпта болбойт. Айрым күндөрү кээ бир райондордо өткүн өтүп, жаан жаашы ыктымал.

Бишкек шаары менен Талас облусунда 12-сентябрдан 18-сентябрга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарында 12-сентябрь жана 16-сентябрда күндүз күн себелеп, тоолуу аймактарга жаан жаашы мүмкүн. Башка күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот.

Киши шабдалылар менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Күзүндө ден соолукту чыңдоо үчүн кайсы тамак-ашты жеш керек
Ысык-Көлдө 15-сентябрга чейин жаан жаабайт. 15-16-сентябрда күндүн көзү бузулуп, кээ бир жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү божомолдонду. 17-18-сентябрь аба ырайы жылуу болуп, күн кайра ачылат.

Нарында 16-сентябрда гана күн күркүрөп, жаан жаашы ыктымал. Калган күндөрү аба ырайы жылуу, күн ачык болору кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0