Кыргызстандык белгилүү алып баруучу Алексей Филатов. Архив

Жашоого нааразы болбогула. Алексей Филатов акыркы жолу өмүр тууралуу пост жазган

826
(жаңыланган 12:49 12.09.2021)
Филатов коронавирус инфекциясынан улам көз жумганы бүгүн таңда белгилүү болду. Ал соңку ирет социалдык тармактагы баракчасына жашоонун ар бир ирмеми баалуу экенин жана убакыт бат өтөрүн жазган.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп көз жумган кыргызстандык белгилүү алып баруучу Алексей Филатов акыркы жолу Facebook баракчасына өмүрдүн баркы тууралуу пост жазган.

Билдирүү 23-августта жүктөлгөн. Анда ал жашоонун ар бир ирмеми баалуу жана убакыт зымырык куш экенин айткан. Посттун астына жүгүрүп бараткан аттардын видеосу жүктөлгөн.

Когда-нибудь ты задумаешься о своей единственной жизни. Ты поймёшь, как быстро бежит время, ты вздрогнешь, но ничего опять не сделаешь. Тебе сейчас 15? 20? Оу, или тебе 28? Ничего! Просто прочти. В сутках 24 часа. Каждый день начинается с прекрасных лучей солнышка в твоём окошке. Но ты опять ноешь, что сейчас тебе придется идти в школу, в колледж, на работу. Очнись, солнышко. Один раз в жизни ты будешь учиться в школе. Всего лишь один раз в жизни ты будешь беззаботно относиться к вещам, которые потом будут иметь огромный смысл и оказывать довольно большое влияние на тебя и окружающих. Смех. Первая влюбленность. Радость. Встречи. Прогул урока. Вечер. Лето. Куда летит твоя жизнь? Задумайся. Цени моменты. Проживая все моменты, будто ты никогда себя так не чувствовал. Потому что всего лишь один раз в жизни тебе будет 15, 20…

Опубликовано Алексеем Филатовым Понедельник, 23 августа 2021 г.
"Качандыр бир кезде бир жолу берилген өмүрүң тууралуу ойлоносуң. Убакыт тез учканын туясың, бирок артка кайтара албайсың. Азыр сен 15, 20 же 28 жаштасыңбы? Эч нерсе эмес! Жөн гана окуп кой. Бир суткада 24 саат бар. Ар бир күнүбүз агарган таң, күн нуру менен башталат. Бирок сен мектепте, окууга же ишке барышым керек деп нааразы болосуң. Кайгырба, өмүрүңдө бир эле жолу мектепте окуйсуң. Биз кийин маанилүү жана таасирлүү боло турчу нерселерге көңүл бурбайбыз. Күлкү, биринчи сүйүү, кубаныч, жолугушуу, сабак калтыруулар, кеч курун, жай мезгили... Өмүр кайда учуп баратат? Ойлон, ар бир ирмемди баала. Анткени өмүрүңдө бир эле жолу 15, 20 жашка чыгасың... ", — деп жазган Филатов.

33 жаштагы теле алып баруучу бүгүн эртең менен ооруканада үзүлгөн. Буга чейин кесиптеши Ассоль Молдокматова анын коронавируска чалдыгып өтө оор абалда жатканын, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулганын билдирген.

Алексей Филатов КТРКдан "Улуттук хит-парад" шоу-программасын алып чыгуу менен элге таанылган. Алып баруучуларды даярдаган жеке мектебин ачып иштетип жүргөн.

826
Белгилер:
Кыргызстан, Алексей Филатов, алып баруучу, коронавирус, өлүм, өмүр, жашоо
Тема боюнча
Теле алып баруучу Алексей Филатов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
Алексей Филатов — өмүр баяны
Кабул аэропортунда жеке авиакомпаниянын жүргүнчүлөрү

Кабул аэропорту 36 күндөн кийин коммерциялык каттамдар үчүн ачылды

5
(жаңыланган 16:29 20.09.2021)
15-августта талибдер Кабулду басып алгандан кийин аба майданда туруктуу авиакаттамдар токтотулган болчу.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кабулдун аэропорту ички жана эл аралык коммерциялык авиакаттамдар үчүн расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу РИА Новости Афганистандын Жарандык авиация башкармалыгындагы булактарына таянуу менен жазды.

Аба майдан эртең мененки саат 6:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

Август айынын башында "Талибан"* кыймылы АКШ аскер күчтөрүн өлкөдөн чыгарып кетип жаткан маалда өкмөттүк күчтөргө каршы чабуул койгон. Ал эми 15-августта борбор калаа Кабулду басып алышкан. Аэропортту 31-августка чейин АКШ жана башка мамлекеттер өз жарандарын, кээ бир афгандыктарды чыгарып кетүү үчүн колдонгон.

Буга чейин "Талибан" Россия жана Түркия менен авиакаттамдарын жандандырууга ниеттенип жатканы айтылган.

*"Талибан" кыймылы — Кыргызстанда жана башка бир катар өлкөлөрдө террордук уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

5
Белгилер:
Кабул, аэропорт, каттам, ачуу
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
ЖМК: талибдер өзбек тилин расмий макамынан ажыратып салды
6 млн. доллар, уютулган алтындар. Талибдердин Салехтин үйүнөн тарткан видеосу
Электр кубаты счётчиги. Архив

Эртең Бишкектин кайсы жеринде электр кубаты өчүрүлөт. Тизме

14
(жаңыланган 16:25 20.09.2021)
Шейшемби күнү "Түндүк электр" ишканасынын бригадасы Бишкектин чекесинде жайгашкан айылдагы подстанциянын жана калаадагы үйлөрдүн ичиндеги электр тармактардын абалын текшерип чыгат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Электр кубаты 21-сентябрь күнү Бишкектин 13 көчөсүнүн тилкелеринде болбой тургандыгы "Түндүк электр" ишканасынын сайтында жазылган.

Бул күнү адистерден турган бригадалар үйлөрдүн ичиндеги электр тармактардын абалын көздөн кечирип, оңдой турчуларын кайрадан карап, түздөп чыгат. Андан сырткары, Күнтуу айылындагы подстанцияны текшерет.

Электр кубаты өчүрүлө турган аймактар:

  • 09:00-18:00 — Манас проспектисинин тилкеси (№61 үй), Тынчтык, Касым, Ынтымак, Арча-Бешик (Безымянная, Кара-Кужур, Абдрахманов, Бердибаев, Алтын-Түтүн, Эртайлак, Шербет, Садыбакасов, Он-Арча көчөлөрү), Ак-Босого конуштары, Жал-29 кичи району.
  • 09:30-18:30 — Ахунбаев (№106 А үй) көчөсүнүн тилкеси, Кара-Жыгач (Субан-Ата көчөсү) конушу.
14
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, электр кубаты, Күнтуу айылы
Тема боюнча
Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт. Тизме
Жаан-чачындуу күндөр башталабы? Бир жумага карата аба ырайы
Бишкектин айрым райондорунда 11 күн бою газ менен ысык суу болбойт