Мектепте беткап кийген окуучу. Архивдик сүрөт

Бет кап тагыныш керекпи? Бийлик балдар кандай шартта окуурун айтты

140
(жаңыланган 13:01 13.09.2021)
Эки күндөн кийин Кыргызстанда билим берүү процесси кадимки, балдар мурда окуп жүргөндөй тартип менен башталат. Билим берүү жана илим министрлиги мектептер менен ЖОЖдордун даярдыгы туурасында айтып берди.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова кыргызстандык окуучулар кандай тартипте окуурун айтты.

"Эпидемиологдор мектепте балдардын бет кап тагынуусу керек деген сунуштамасын айтышты. Азыр абал туруктуу, бирок башыбыздан пандемияны кечирип жатабыз. Андыктан эмне болорун билбейбиз (кырдаал кандай өнүгөрүн — ред.). Бет капты толугу менен алып салуу да кооптуу болуп турат. Тазалыкты сактайбыз, улам жууп-тазалап турабыз, класстарды желдеткенге аракет кылабыз. Башкысы — ата-энелерге баланын абалы начарласа дароо дарыгерге кайрылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек", — деди ал.

Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева шаар бийлиги билим берүүнүн кабинеттик системасын уюштурууга аракет кылып жаткандыгын айтып берди. Мында балдар класстан класска көчпөйт, предметтик мугалимдер өздөрү келип сабак өтөт. Ал Бишкекте бет кап тагынуу милдеттүү түрдө болорун белгиледи.

Буга чейин Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын алдыңкы адиси Айнура Кусеинова Кыргызстанда окуучулар коронавирус пандемиясынан улам сабакта бет кап тагынып отурууга милдеттендирилбей тургандыгын билдирген эле.

140
Белгилер:
Кыргызстан, мектеп, билим берүү, бет кап
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус (82)
Тема боюнча
Бала бакчалар 15-сентябрдан тарта иштей баштайбы? Министрликтин жообу
Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов. Архив

Туйгунаалы Абдраимов тергөөгө келип туруу милдеттемесин алып сурактан чыкты

15
(жаңыланган 11:12 21.09.2021)
Буга чейин УКМК Абдраимовду мыйзамсыз баюу беренесине айыптап, бир нече мүлккө ээлик кыларын жарыялаган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов тергөөгө дайыма келип турууга милдеттендирилип сурактан чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Атайын кызмат Абдраимовду мыйзамсыз баюу беренесине айыптап, бир нече мүлккө ээлик кыларын жарыялаган. Ал жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, унаа токтотуучу 2 жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 автоунаа, "Ысык-Ата" курортунун аймагындагы бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаганын билдирген.

Андан мурдараак саясатчы бийликти күч менен басып алууга шектелип ИИМге сурак берип чыккан.

Эске салсак, Туйгунаалы Абдраимов мурда Борбордук шайлоо комиссиясын эки ирет башкарган, 2018-2019-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп иштеген. Журналисттин келбетине асылып, коомчулуктун кескин сынынан кийин кызматтан алынган.

 

15
Белгилер:
сурак, Туйгунаалы Абдраимов, тергөө, УКМК
Тема боюнча
16 батир, 18 жер. УКМК Абдраимов жана жакындарына тиешелүү мүлктөрдү санады. Сүрөт
Жанар Акаев ИИМде сурак берип чыкты
БУУнун Жаштар жана калктын динамикасы программасынын аналитиги Бактыбек Кайназаров. Архив

Кайназаров: демографиялык саясатка көңүл бурулушу зарыл

4
(жаңыланган 10:52 21.09.2021)
БУУнун Жаштар жана калктын динамикасы программасынын аналитиги Бактыбек Кайназаров Кыргызстанда 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыгышы көп көйгөйлөрдү чечүүгө жол ачарын айтты.

Демографиялык саясатты жөнгө салуу учурдагы муктаждыктан келип чыгууда. Мындай пикирин Бактыбек Кайназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Кайназаров: демографиялык саясатка көңүл бурулушу зарыл

Анын айтымында, демографиялык саясатты аныктоодо миграцияга өзгөчө көңүл буруу кажет.

"Кыргызстанда 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыгышы көп көйгөйлөрдү чечүүгө жол ачат. Аны көптөгөн мамлекеттер түзүп чыгып, ишке ашырып келет. Анткени бул маселе орчундуу. Мисалы, Бангладеш демографиялык саясатты жүргүзүү боюнча үчүнчү этапты аткарып жатат. Территориясы чакан болгонуна карабастан дүйнөдө калкы көп өлкөлөрдүн катарында 8-орунда турат. Ага байланыштуу тамак-аш жетишпестиги болорун да болжоп жатышат. Көйгөйдү чечүү үчүн төрөттү азайтып, энелердин жана балдардын ден соолугуна басым жасаган. Үчүнчү этабында жаштардын потенциалын туура колдонуу боюнча чаралар көрүлүп жатат. Демек, бул маселеге абдан маани берип, мамлекеттик деңгээлде каралышы абзел", — деди Кайназаров.

Ошондой эле адис демография экономика, билим берүү, саламаттык сактоо, жаштар, миграция, гендердик теңчилик жана башка көптөгөн тармактар менен байланыштуу экендигин кошумчалады.

 

4
Белгилер:
демография, саясат, миграция, концепция, Бактыбек Кайназаров
Тема боюнча
Өлкөдө демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыгууда. Максаты
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Артур Медетбеков. Архив

Медетбеков: ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга белги болот

0
(жаңыланган 11:17 21.09.2021)
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Артур Медетбеков Афганистандагы абалдан улам ЖККУнун аскердик окутуулары көбөйгөнүн белгиледи.

ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга өзүнүн алар менен күрөшүүгө даярдыгы тууралуу белги болот. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Медетбеков: ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга белги болот

Анын айтымында, ЖККУ жылына ар кандай багыттагы окутууларды өткөрүп турат.

"Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун машыгуулары жөн эле окутуу эмес. Анда байланыш системасын, штабдын башкаруусун, куралдардын колдонулуусу, жаңы куралдардын эффективдүүлүгү, аймактагы рельефке жараша кайсы атуучу куралдарды колдонуу окутулат. Аны көргөн террордук топтордун чалгынчылары уюм терроризм менен күрөшүүгө канчалык даярдыгын билип, кооптонуп турушат. Натыйжада жакынкы убакта же келечекте кандайдыр бир деңгээлдеги чатактарды чыгаруудан сестенишет", — деди Медетбеков.

Ошондой эле ал ЖККУнун Тажикстанда, Кыргызстанда бирден, Россия, Казакстанда экиден батальону бар экенин кошумчалады.

0
Белгилер:
Артур Медетбеков, ЖККУ, Россия, коопсуздук
Тема боюнча
ШКУ саммитинин жыйынтыгы боюнча кол коюлган документтер. Тизме