Бишкекте электробустун айдоочулары ишке алына баштады. Талаптары

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЭлектробус российского производства вышел на маршрут
Электробус российского производства вышел на маршрут - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2021
Жазылуу
Борборго кийинки жылы 120 электробус келет. Бишкек троллейбус башкармалыгы айдоочуларды бекер окутуп-үйрөтүп, жакшы айлык менен ишке алууну убадалады.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бишкек троллейбус башкармалыгы электробустун келиши күтүлүп жаткандыктан айдоочуларды ишке алып баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Кийинки жылы борборго 120 электробус келери айтылган.

Буга байланыштуу Д категориясындагы жана тажрыйбасы үч жылдан жогору болгон айдоочулар, ошондой эле троллейбустун айдоочуларына муктаждык бар.

"Биз өз кезегинде айдоочуларды бекер окутуп-үйрөтүп, жакшы айлык менен ишке алууну убадалайбыз. Ошондой эле социалдык пакеттер каралган", — деп айтылат маалыматта.

Кененирээк маалыматты башкармалыктын кадрлар бөлүмүнөн (0312 65-75-90) алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0