Оштун мэри мектеп жана бала бакчаларда тарбиялык саат өткөрүүнү тапшырды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшНаграждение учителей школ и воспитателей детсадов в Оше
Награждение учителей школ и воспитателей детсадов в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2021
Жазылуу
Август кеңешмеси бүгүн, 13-сентябрда, өттү. Анда мектептердин курулушу, тарбиялык саат сыяктуу бир катар маселелер көтөрүлдү.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Оштун мэри Алмаз Мамбетов окуу жылы башталганда мектептер менен бала бакчаларда адеп-ахлак туурасында 15 мүнөттүк тарбиялык саат өткөрүп турууну тапшырды. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечим президент Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгынын негизинде кабыл алынган.

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОштун мэри Алмаз Мамбетов окуу жылы башталганда мектептер менен бала бакчаларда адеп-ахлак туурасында 15 мүнөттүк тарбиялык саат өткөрүп турууну тапшырды
Оштун мэри Алмаз Мамбетов окуу жылы башталганда мектептер менен бала бакчаларда адеп-ахлак туурасында 15 мүнөттүк тарбиялык саат өткөрүп турууну тапшырды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Оштун мэри Алмаз Мамбетов окуу жылы башталганда мектептер менен бала бакчаларда адеп-ахлак туурасында 15 мүнөттүк тарбиялык саат өткөрүп турууну тапшырды
© Фото / пресс-служба мэрии города ОшМындай чечим президент Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгынын негизинде кабыл алынган.
Мындай чечим президент Садыр Жапаровдун Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө жарлыгынын негизинде кабыл алынган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Мындай чечим президент Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгынын негизинде кабыл алынган.
1/2
Оштун мэри Алмаз Мамбетов окуу жылы башталганда мектептер менен бала бакчаларда адеп-ахлак туурасында 15 мүнөттүк тарбиялык саат өткөрүп турууну тапшырды
2/2
Мындай чечим президент Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгынын негизинде кабыл алынган.

Бүгүн, 13-сентябрда, өткөн август кеңешмесинде мектептердин курулушу сыяктуу бир катар маселелер дагы көтөрүлгөн.

"Учурда шаарда республикалык бюджеттин эсебинен 5 мектептин курулушу жүрүп жатат. Буга чейин каражат бөлүнбөй кармалып турган. Жыл соңуна чейин толук бөлдүрүп, үч мектепти бүтүрүүнү пландап жатабыз", — деген Мамбетов.

Жыйындын алкагында Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен бир катар мектеп мугалимдери жана балдар бакчаларынын тарбиячылары сыйланган. Ал эми алдыңкы мектептер менен бала бакчаларга ноутбук жана принтер тапшырылды.

Ош шаарында 81 мектеп иштейт, анын 26сы жеке менчик. Ал эми 80 бала бакчанын 35ин жеке тараптар ачкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0