Эки киши көз жумду. COVID боюнча 14-сентябрга карата маалымат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыген. Архив
Ооруканадагы дарыген. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жазылуу
Коронавирус акыркы суткада Ош облусу менен Ош шаарында гана катталган жок. Ошондой эле Баткенде ооругандар калган аймакка салыштырмалуу азайды.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Өлкөдө соңку суткада COVID-19 инфекциясы 82 адамдан тастыкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Оору жуктургандар:

  • Бишкек — 40;
  • Чүй облусу — 19;
  • Талас — 3;
  • Нарын — 5;
  • Ысык-Көл — 7;
  • Жалал-Абад — 6;
  • Баткен — 2.

Ушуну менен вируска кабылгандар баш-аягы 177 308ге жетти. Бир сутка ичинде 127 адам айыгып, сакайгандардын жалпы саны 171 650 болду. Жугуштуу дарттан эки киши көз жумуп, пандемиядан бери 2 576 бейтап өмүрү менен кош айтышты.

Ошондой эле стационарда 605, амбулатордук түрдө 1 016 адам дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0