Өздөрүн тизмеден карап жаткан шайлоочулар. Архив

Кыргызстанда беш айда шайлоочулардын саны 80 миңге көбөйдү

39
(жаңыланган 10:15 14.09.2021)
Шайлоочуларды тактоо иштери 19-сентябрдан 12-ноябрга чейин жүргүзүлөт. Ага чейин шайлоочу тизмеде бар-жогун аныктап алса болот.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Апрель айындагы референдумдан кийин Кыргызстанда шайлоочулардын саны 80 720га көбөйдү. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Алдыдагы парламенттик шайлоого карата Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынын шайлоочулардын алдын ала тизмеси түзүлүп, "Тизме" мамлекеттик порталына жарыяланган.

Ага ылайык, шайлоочулардын саны 3 686 921ди түздү. Анын ичинен эркектер — 1 766 898, аялдар — 1 920 023.

Шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери 19-сентябрдан 12-ноябрга чейин жүргүзүлөт. Тизмеде бар-жогун шайлоо участкасына барып, tizme.gov.kg сайты аркылуу, 1255 же 119 номерине чалып же 119 номерине паспортунун персоналдык идентификациялык номерин көрсөтүү менен СМС жөнөтүп билүүгө болот.

БШК эгер адам өзүн добуш берүүчүлөрдүн катарынан таба албаса, 12-ноябрга чейин шайлоо участкасына арыз жазууну сунуштайт. Ошондой эле "Тизме" порталындагы "Шайлоочунун кабинети" сервиси https://tizme.gov.kg/voter_cabinet.xhtml аркылуу электрондук форматта да жаза аларын белгиледи. Бул үчүн авторизациядан өтүү талап кылынат.

Парламенттик шайлоодо добуш берүү укугуна ээ болгон жарандардын акыркы тизмеси 18-ноябрда жарыяланат.

39
Белгилер:
Кыргызстан, шайлоо, тизме
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо (30)
Тема боюнча
БШК бир мандаттуу округ боюнча талапкерлерди кабыл алууну баштады. Талаптары
Бишкектеги Патрулдук милиция кызматкери

Эскертүү! Автоунаа салыгын төлөбөгөндөргө карата рейд жүрүп жатат

9
(жаңыланган 12:02 20.09.2021)
Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндөргө 2000 сом айып салынып, ага кошо ар бир өткөн күнүнө туум эсептелет.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте салык төлөбөгөн унаа ээлерин аныктоо боюнча рейд жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Быйыл автоунаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган.

  • ГНС совместно с сотрудниками ГУОБДД МВД КР проводят рейды по выявлению водителей, не уплативших налог на автотранспорт. 20 сентября 2021 года
    Мамлекеттик салык кызматы Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте салык төлөбөгөн унаа ээлерин аныктоо боюнча рейд жүргүзүп жатат
    © Фото / пресс-служба ГНС КР
  • ГНС совместно с сотрудниками ГУОБДД МВД КР проводят рейды по выявлению водителей, не уплативших налог на автотранспорт. 20 сентября 2021 года
    Быйыл автоунаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган
    © Фото / пресс-служба ГНС КР
  • ГНС совместно с сотрудниками ГУОБДД МВД КР проводят рейды по выявлению водителей, не уплативших налог на автотранспорт. 20 сентября 2021 года
    Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндөргө 2000 сом айып салынып, ага кошо ар бир өткөн күнүнө туум эсептелет. Мындан улам Салык кызматы акчаны азыр төлөөгө чакырат
    © Фото / пресс-служба ГНС КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба ГНС КР
Мамлекеттик салык кызматы Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте салык төлөбөгөн унаа ээлерин аныктоо боюнча рейд жүргүзүп жатат

Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндөргө 2000 сом айып салынып, ага кошо ар бир өткөн күнүнө туум эсептелет. Мындан улам Салык кызматы акчаны азыр төлөөгө чакырат.

Маалыматта рейддер салык төлөбөгөндөрдү жазалоо максатында гана эмес, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн да өткөрүлүп жатканы кошумчаланган.

9
Белгилер:
автоунаа, салык, төлөө, рейд, айып
Тема боюнча
Документтерди эми милиционерлерге смартфондон эле көрсөтсө болот. Шарттары
Кыргызстанда бажы салыгы эки эсеге көбөйдүбү? Расмий жооп
Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев

Мурзаев: үй-бүлөдө ынтымак болушу үчүн күн сайын күрөшүү керек

6
Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев илим-билим алып жаткан жаштардын арасында үй-бүлө куруу боюнча жаман тенденция бар экенин айтты.

Аялдын жана эркектин психологиясынын ар башка болушу үй-бүлөдө татаал кырдаалды жаратат. Үйдө жакшы мамиле, ынтымак, түшүнүү болуу үчүн күн сайын күрөшүү керек. Бул тууралуу Маматали Мурзаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Мурзаев: үй-бүлөдө ынтымак болушу үчүн күн сайын күрөшүү керек

Анын айтымында, жубайлар бири-биринин кемчилигинин үстүнөн иштеши керек.

"Илгертеден эле жар тандоо укугу эркектерде болгон. Салт боюнча ата-эне таптап берүүсү керек эле. Кийин жубай тандоо толугу менен эркектерге өттү. Алар биринчи кезекте кыздардын сулуулугун, дене түзүлүшүн, анан ден соолугун карашат да, андан кийин гана ортодогу мамиле, жашоодогу кызыгуулары, көз караштарынын шайкеш келүүсүнө маани беришет. Булар үй-бүлө курууга, туура жар тандоого негиз боло албайт. Мисалы, сүйүүнү алсак, анын негизги кызматы жигит менен кызды бири-биринин айрым кемчиликтерин көрсөтпөй жакындатуу. Үй-бүлө кургандан кийин жубайлардын мамилеси кыз-жигиттин сүйүүсүнөн да жогору турат. Алардын каны-жаны бир болуп калат. Сүйүшкөндөрдүн каны-жаны бир болбойт. Алар бири-бирине умтулуп гана турат. Аларды ажыраштырып салуу да оңой. Европалык маданиятты көрүп калган кыздар "мен бактылуу болушум керек" дешет. Анын бактылуулук боюнча түшүнүгү күйөөсү, кайнатасы, кайненесинин көз карашы менен дал келбей калышы мүмкүн. Азыр илим-билим алып жаткан жаштардын арасында жаман тенденция бар. Карьера куруп, бутка турушум керек дешет. Алар бутка тургуча жашы өтүп, 30га чыгат. Бул куракта бала-чакалуу болуу татаал жана баланын ден соолугу начар төрөлүшү мүмкүн. Мунун баары эске алынбай калып жатат", — деди Мурзаев.

Психолог жар тандоодо мүнөзү жагынан шайкеш келүүсүн аныктап алуу маанилүү экенин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

6
Белгилер:
үй-бүлө, психология, жар, тандоо, Маматали Мурзаев
Тема боюнча
Тапкан акчасын туугандарына чачып чарчатты. Жолдошуна көз каранды келиндин каты