Айзада Канатбекованын портрети. Архив

Айзаданы ала качкан беш кишиге соттун өкүмү чыкты

790
(жаңыланган 10:27 14.09.2021)
Кызды ала качууга катышкандардын баары күнөөлүү деп табылып, үчөө жети жылга, экөө алты жыл алты айга кесилген.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Айзада Канатбекованы ала качкандарга карата өкүм чыгарды.

Анда кызды уурдоого катышкан беш кишинин баары тең күнөөлүү деп табылган.

Соттолгондор:

  • Замирбек Раманкулов — 6 жыл 6 айга кесилди;
  • Кубаныч Токон уулу — 6 жыл 6 айга кесилди;
  • Ажыкабыл Рысбай уулу — 7 жылга кесилди;
  • Орузбек Нурумбетов — 7 жылга кесилди;
  • Сыймык Молдосариев — 7 жылга кесилди.

Сот айыпталуучуларды Айзаданын үй-бүлөсүнө материалдык зыян катары 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Айзада Канатбекованын таежеси Бактыгүл Шакенованын айтымында, кыздын жакындары соттун чечимине ыраазы экенин айтып, доо арыз жазбай тургандыктарын кошумчалады.

Айзаданын өлүмү

Үстүбүздөгү жылдын 5-апрель күнү эртең менен саат 07:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 07:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

7-апрелде изделип жаткан автоунаа Бишкектин чет жагындагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.

Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Канатбекованы уурдаган Замирбек Теңизбаевге башында Жазык кодексинин 175-беренеси ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") менен иш козголуп, кийин 170-беренеге ("Адам уурдоо") өзгөртүлүп, андан соң 130-берене ("Киши өлтүрүү") кошулган. Бирок шектүү көз жумганына байланыштуу кылмыш иши токтотулду.

Кызды ала качууга катыштыгы бар делип беш киши кармалган.

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган.

Айзаданын жакындарынын адвокаты соттук-медициналык экспертизада ал киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталганын айтып чыккан. Муну милиция дагы тастыктаган.

790
Белгилер:
Айзада Канатбекова, сот, өкүм, шектүү, кыз ала качуу
Тема:
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү (55)
Тема боюнча
Айзаданын апасы: кызымды өлтүргөн баланы сүрөтүнөн көрүп эле зөөкүргө окшоштургам
Айзаданы ала качууга шектүүлөрдүн бири окуянын чоо-жайын айтып берди
Тамеки чегип жаткан адам. Архив

Пляж, базарда. Тамеки, кальян чегүүгө тыюу салынган жайлардын тизмеси

621
(жаңыланган 21:34 28.09.2021)
Тыюу салынган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да уруксат берилбейт. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бүгүн президент Садыр Жапаров коомдук жайлар менен мекемелерде чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам долбооруна кол койду.

Ага ылайык, белгилүү бир жайларда тамеки, электрондук чылым жана кальян чегүүгө толугу менен чектөө киргизилди.

Аталган мыйзамдын 13-беренесинде кайсы жерде чегүүгө тыюу салынары жазылган.

Алар төмөнкүлөр:

  • Ведомствонун жана менчигинин түрүнө карабастан подъезддерде, лифттерде, аянттарда, дааратканаларда, көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы колдонуучу жайларында;
  • Жаштар, маданият жана спорт иштери боюнча мекемелерде, социалдык кызматтардын имараттарында, стадиондордо;
  • Темир жол жана автобекеттерде;
  • Калкка кызмат көрсөтүүчү жайларда, анын ичинде мейманканаларда, тиричилик тейлөө, коомдук тамактануучу жайларда, убактылуу тургузулган соода объектилеринде;
  • Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү имараттарда;
  • Имараттарда жана курулмаларда уюштурулган жумуш орундарында, жумушчу зоналарда;
  • Өрт чыгуу коркунучу бар жерлерде, анын ичинде күйүүчү май куюучу жайларда;
  • Коомдук тамактануу жайларында (түйүндөрдө);
  • Коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарында, балдардын эс алуу жайларында, балдар аянтчаларында;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык саламаттык сактоо уюмдарынын мекемелеринде;
  • Реабилитациялык жана санаторий-курорттук кызматтарды көрсөтүүгө арналган жайларда;
  • Калкка соода кызматтары көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда жана жабык базарлардын аймактарында;
  • Аялдамаларда;
  • Тамеки чегүү үчүн атайын жайларды кошпогондо массалык-маданий, спорттук иш-чараларды, акцияларды, чогулуштарды өткөрүп жатканда ачык аянтчаларда, пляждардын аймагынын чектеринде.

Аталган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да тыюу салынат. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация коопсуздугунун талаптарын сактап, желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

Ар бир орган жана мекеменин жетекчилери бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө милдеттүү.

Чылым чегүүгө тыюу салынган жайларды аныктоо жана белгилерди коюу тартибин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги иштеп чыгат.

Мыйзам долбоорунун авторлору Кыргызстанда өлүмдүн жана майыптыктын негизги себеби тамеки тартуу экенин буга чейин белгилешкен.

Ошондой эле чылым чегүүгө бардык эле жерлерде тыюу салынбасын айтышкан. Бирок башкалардын эркин дем алуусуна тоскоол болбошу керек деген принцип сакталышы шарт.

621
Белгилер:
тамеки, тыюу салуу, имарат, Кыргызстан
Тема боюнча
КРде кафе жана ресторандарда чылым чеккенге тыюу салынат. Мыйзамга кол коюлду
Көрбөй, укпай каласың! Министрлик тамекинин зыянын эскертти
Дарак. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

34
29-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Шаршемби, 29-сентябрь күнү, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +22...+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +20...+25, Талас жергесинде +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30 градус болот.

Бул күнү күндүн табы Бишкекте +25...+27, Ош калаасында +28...+30 градуска жетет.

34
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Келерки жуманын этеги жаан-чачындуу болот. Бир жумага карата аба ырайы