Ооруканадагы дарыгер. Архив

COVID-19дун кезектеги толкунунан сактаныш үчүн эмне кылуу керек. Адистин кеңеши

126
(жаңыланган 10:35 14.09.2021)
Адис вирус күз-кышта болуучу сасык тумоо менен айкалышып кетип, ооруну тез кабыл алгандар ага кабылып калышы мүмкүндүгүн эскертти.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Коронавирустун күздөгү толкуну жайкысынан көп айырмаланбайт, бирок окуу башталгандыктан балдар көбүрөөк ооруп баштайт. Бул туурасында РИА Новости "Инвитро-Сибирь" клиникалык-диагностикалык лабораториясынын башкы дарыгери Андрей Поздняковдун айтканына таянып билдирди.

"Өткөндөгү толкундан күздөгүсү өтө деле айырмаланбайт. Бирок андан азайып кетпейт. "Дельта" штаммы ошондой эле басымдуулук кылат, балким ага жайында ооруну көбөйтүп жиберген "дельта-плюс" кошулушу мүмкүн. Албетте, жашына карабай илдетти тез кабыл алган адамдар ооруйт", — деген Поздняков.

Адис, андан сырткары, сезондук инфекциялык оорулар кошул-ташыл болорун эскертти. Ал вирустун күз-кышта болуучу сасык тумоолор, респиратордук оорулар менен айкалышып кетүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок. Дарыгер бир учурда алардын жугуп калышы мурда коронавирустун "жапайы" деп аталган штаммына байланыштуу болгонун түшүндүрдү.

Кыйынчылык жайкы мезгилге карата азайып кетпестигин айтты.

"Окуу жылы башталып, бала бакчалар иштей баштагандыктан балдар арасында коронавируска чалдыккандар көп болот", — деген адис.

Поздняков вакцина алгандар дагы коронавируска кабылышы мүмкүндүгүн, бирок иммунитети жокторго караганда оор өтпөй тургандыгын жана бейтаптар ооруканага жатып калбастыгын айткан.

Манас эл аралык аэропортуна Кытайдан Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жүк келди
© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КР
"Пандемиянын жаңы толкуну биздин эсептөөлөргө таянсак, мурдагылардай эле 2-3 айга созулат. Бүгүн дарыгерлер былтыркыга салыштырмалуу даяр болуп калышты. Эгерде калктын баары эпидемиологиялык иш-чаралардын негизги делген эрежелерин бекем сактоону улантса, локдаун болбойт", — деген Поздняков.

Башкы дарыгер дагы бир ай оору көбөйбөй, абал тынчыраак болуп турарын жана бул учурда эл эмне кылышы керектиги боюнча кеңеш берген.

"Оорунун деңгээли боюнча дагы бир айга чукул тынч убакыт бар. Бул — ооругандар менен аралашып кезекке туруп убара болбой, вакцина сайдырып алууга кенен мүмкүнчүлүк бар дегендик. Препарат тартыштыгына же башка дагы көйгөйлүү кырдаалга тушугуп отурбай, алдын ала камданып, эмдөөдөн өтүү зарыл", — деп эскерткен дарыгер.

Учурда Кыргызстанда коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал акыркы үч айга салыштырмалуу турукташып калды. Бирок республикалык штаб, өкмөт жана дарыгерлер кыргызстандыктарды COVID-19га каршы вакцина алууга чакырып жатат. 14-сентябрга карата 82 киши ооруну жугузуп алып, ооруп жаткандардын ичинен эки адам кайтыш болду.

126
Белгилер:
коронавирус, толкун, эскертүү, дарыгер, кеңеш, вакцина
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1546)
Тема боюнча
Бала бакчалар 15-сентябрдан тарта иштей баштайбы? Министрликтин жообу
Мектептеги карантин. Архив

Коронавирустан улам Бишкектеги мектептерде 13 класс жабылды. Тизме

40
(жаңыланган 18:47 27.09.2021)
Жалпысынан 13 класс убактылуу карантинге жабылган. Мэрия ата-энелерден ооруган балдарды мектеп, бала бакчага жибербей коё турууну суранды.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкектин кээ бир мектептеринде окуучулардан коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу айрым класстар жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, жалпысынан 13 класс убактылуу карантинге жабылган.

Биринчи май району:

  • №48 орто мектебинде бир класс, №70 мектепте бир класс;

Ленин району:

  • №9 мектепте эки класс, №13 мектепте бир класс, №8 мектепте бир класс;

Свердлов району:

  • №11 мектепте бир класс, №38 мектепте бир класс, №4 мектепте үч класс, №65 орто мектебинде бир класс, №66 мектепте бир класс.

Мэрия бекитилген алгоритм боюнча кайсы мектептин окуучуларында коронавирус аныктала турган болсо, класстар жабыларын эскертти.

"Урматтуу ата-энелер, эгер балаңыз ооруп кала турган болсо, аны мектепке же бала бакчага жибербей коё туруңуз. Анткени бала башкаларга да жугузуп, вирусту жайылтышы ыктымал", — деп айтылат маалыматта.

Жабылган класстардын окуучулары аралыктан окуп турары кошумчаланды.

40
Белгилер:
Бишкек мэриясы, коронавирус, окуучу
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
Вакцина алган энелердин карынында жаткан балдардан антитело табылды
Көмүр түшүрүп жаткан жумушчу. Архив

Быйыл көмүрдүн баасы кандай болот? Кара алтындын наркына сереп

94
(жаңыланган 17:49 27.09.2021)
Синоптиктер аптанын аягында күн сууктай турганын божомолдоодо. Аба ырайы бузулары менен турак үйдө тургандар арасында көмүргө болгон суроо-талап өсөт.

Быйыл азык-түлүктөн тарта күйүүчү майга чейин кымбаттады. Мунун баары көмүрдүн баасына таасир этпейби? Кара алтындын баасы канча болот, кору жетиштүүбү? Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ушул жана башка суроолорго жооп алып, көмүрдүн наркы, запасына сереп салды.

Бишкек шаарындагы көмүр саткан ишкерлердин айтымында, азырынча ордо калаага Кара-Кеченин көмүрү келе элек. Учурда шаарда Казакстандын Кара-Жыра, Шабыркүл көмүрлөрү эле сатылууда. Алардын бир тоннасы 4 800 сомго бааланып жатканы маалым болду.

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Надырбек Бекжанов былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл көмүр казуу иштери бир аз кечигип жатканын айтып, себебин түшүндүрдү.

"Каражаттын жетишсиздигинен, жайында тоолуу райондорго эки ай тынбай жамгыр, кар да жаагандыктан көмүр кеч казылып калды. Анын үстүнө буга күйүүчү май, тетиктердин кымбатташы да себеп болду. Ага карабай көмүр казуу иштери уланып жатат. Тилекке каршы, көмүрдүн кесегин аныктай албагандыктан, казылган көмүрлөр бир аз майда болууда", — деди Бекжанов.

Анткен менен быйыл өлкөдө көмүр жетиштүү болору белгиленди. Бекжановдун айтымында, жылдан-жылга көмүр көп казылып, жалпысынан өлкөдө кара алтындын алты миллиард тонна запасы бар.

"Бул жылы үч миллион тоннадан ашык көмүр керектелиши күтүлүүдө. Анын ичинен 1 миллион 150 миң тоннасы элге берилсе, 250 миң тонна бюджеттик мекемелерге жумшалат. Калганы ТЭЦке жумшалат", — деди Бекжанов.

Ал учурда ТЭЦти көмүр менен камсыздоо иши жүрүп жатканын айтып, көмүр элге жана бюджеттик мекемелерге 1-октябрдан тарта бериле баштаарын кошумчалады.

"Быйыл күйүүчү майдын жана техникалык каражаттардын кымбаттаганы көмүрдүн баасына да таасирин тийгизбей койбойт. Карьерден чыккан 1 тонна көмүрдүн баасы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан 1 330 сом деп белгиленди. Статистикалык маалымат боюнча, кара алтындын бир тоннасы Нарында 2 500 сомдон 4000 сомго чейин, Чүй өрөөнүндө 4500-4700 сом, Ысык-Көлдө 5000 сомго чейин чыгат. Ал эми өлкөнүн түштүк аймагында 7000-8000 сомго сатылары божомолдонууда", — деди ал.

Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин билдирмеси боюнча, быйыл жергиликтүү көмүрдүн бир тоннасынын наркы 3 620 сомдон 6 500 сомго чейин болмокчу. Мунун ичинде Кара-Кече, Сүлүктү, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя көмүрү бар.

Ал эми сырттан келген көмүрдүн (Казакстан) бир тоннасы 5000-7000 сомду түзөт. "Кыргыз көмүр" ишканасы азыркы учурда Кыргызстанга Казакстандан көмүрдүн Кара-Жыра, Шабыркүл деген түрлөрү аз-аздан келип жатканын айтып, бирок Казакстан ички керектөөсүн толук камсыздап алмайынча, канча тонна көмүр келери белгисиз экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, өлкөдө көмүрдүн сатыла турган баасын (карьерден чыкканын гана белгилейт — ред.) бир дагы мамлекеттик орган бекитпейт. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көмүрдүн баасы чектен ашып сатылып жаткан күндө гана өкмөттүн токтому менен көзөмөлгө алат.

Былтыр Бишкекте Кара-Кече көмүрүнүн баасы 3700дөн 4200 сомго чейин сатылса, Казакстандын Кара-Жыра, Шабыркүл көмүрлөрүнүн баасы 4000 сомдон ашкан.

94
Белгилер:
көмүр, баалар, Кыргызкөмүр мамлекеттик ишканасы
Тема боюнча
Кулжыгачов: Бишкек ЖЭБи күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даяр
Кышка даярдык башталды. Бишкек менен Чүйдө электр чубалгылары оңдолот. Сүрөт