Суу тартыштыгы. Министрлик элди көмүр менен газ камдоого чакырды

© AFP / STRПродажа угля в Шэньяне
Продажа угля в Шэньяне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жазылуу
Министрдин орун басарынын айтымында, Кыргызстанда башка мамлекеттерге салыштырмалуу жарыкка болгон тариф төмөн болгондуктан энергетикалык системага жүк келип жатат.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев кыргызстандыктарды көмүр менен газ камдап алууга чакырды. Анын айтымында, бул нерсе энергектиктерге элди электр энергиясы менен камсыздоого жардам берет.

Буга чейин маалымат жыйыны учурунда Айталиев өлкөдө суу тартыштыгы жаралганын, ал эми электр энергиясын колдонуу жыл сайын өсүп жатканын эскерткен.

"Электр энергиясы менен камсыздоо жана энергетикалык эффективдүүлүк маселесин караган министрдин орун басары катары жарандардан күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүүнү суранып кетким келет. Сөз жылуулук ресурстары жөнүндө дагы (көмүр, газ) болуп жатат", — деди министрдин орун басары.

Ал анткен менен газды кантип камдаш керектигин түшүндүргөн жок.

Айталиев Кыргызстанда башка мамлекеттерге салыштырмалуу жарыкка болгон тариф төмөн болгондуктан энергетикалык системага жүк келип жатканын белгиледи.

"Эгер жылуулуктун альтернативдүү түрлөрү боло турган болсо, энергектиктер үчүн ар бир абонентти электр энергиясы менен камсыздоого чоң жардам болмок", — деди ал.

Платежные квитанции за услуги ЖКХ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Министрлик: октябрдын соңунда жарык үчүн квитанция жаңы тариф менен чыгат
Жарыкка болгон жаңы тарифтер 2021-жылдын октябрь айынан тарта күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард куб метрге жетти. Ведомствонун сайтында агып кирген суунун көлөмү орто эсеп менен алганда секундасына 340 куб метр, ал эми агып чыкканы 262 куб метр экени айтылган. Бирок күн сууктап, кыш келгенде агып кирген суунун көлөмүнө караганда агып чыкканы көбөйөт. Буга байланыштуу жазында суу сактагычтагы суу кескин азайып, авариялык абал жаралбашы үчүн бийлик электр энергиясын сата турган мамлекеттер менен сүйлөшүп, кыргызстандыктарды электр кубатын үнөмдөөгө чакырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0