Бишкекте дагы бир мамлекеттик лабораторияда ПЦР-тест тапшыруу арзандады

© REUTERS / LISI NIESNERСитуация в Мексике из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Мексике из-за пандемии коронавируса  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Антимонополияга каршы агенттик буга чейин мамлекеттик эки лабораторияда тарифтерди төмөндөткөн. Анын бири Ош, экинчиси Бишкек шаарында жайгашкан эле. Эми дагы бир лабораторияда кызмат акысы арзандады. 

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы санитардык эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борбордо ПЦР-тесттин баасы арзандады. Бул тууралуу Антимонополияга каршы мамлекеттик агенттиктен билдирди.

"Мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмүнүн 14-сентябрдагы буйругунун негизинде, РНК/ДНК вирустук инфекцияларды аныктай турган ПЦР-анализ 896 сом болду", — деп айтылган маалыматта.

Тестирование на коронавирус в Баку - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
COVID-19ду аныктаган лабораториялардын кирешеси өстү. Таблица
Аталган мамлекеттик борбордо мурда тариф 1 326 сом болсо, азыр 430 сомго арзандаганы айтылат.

Эске салсак, Монополияга каршы агенттик буга чейин Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториясында баа анализ тапшыруу 1 574 сомдон 786 сомго түшкөнүн билдирген. Андан сырткары Оштогу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык район аралык борбордо да 1 574 сомдон 927 сомго чейин арзандаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0