Жанар Акаев менен кошо Алтынбек Сулайманов да ИИМге сурак бергени кирип кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековВнеочередное заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции "Ала-Арча"
Внеочередное заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Депутаттар бийликти күч менен басып алуу боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында чакырылган.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Алтынбек Сулайманов ИИМдин Тергөө кызматына сурак берүү үчүн кирип кетти.

Внеочередное заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Баары калп, түрмө менен коркутканы өтпөйт! Жанар Акаев видео кайрылуу жасады
Акаев бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектелип жатканы айтылган. Ал эми Сулайманов ИИМ имаратына кирип баратып ушул эле иш боюнча күбө катары чакырылганын билдирди.

Депутаттар бүгүн саат 17:30да суракка кирди.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган саясатчылар бир партияга биригип, алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу боюнча сүйлөшүп жатканын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0