Электр зымдарын ондоо. Архив

16-сентябрда Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт. График

55
(жаңыланган 18:51 15.09.2021)
Бул күнү "Түндүк электрдин" бригадасы жабдууларды оңдоо жана подстанцияларды техникалык тейлөө иштери менен алектенет.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Эртең, 16-сентябрда, Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы кабарлады.

Бул күнү бригада жабдууларды оңдоо, ошондой эле подстанцияларды техникалык тейлөө иштери менен алектенет.

Жарык өчө турган аймактар:

  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Ынтымак, Арча-Бешик (Бакаев, Абдрахманов, Кара-Кужур, Эр-Тайлак көчөлөрү), Киргизия-1 конуштары. Чоң-Арык айылы (Азия, Эркин-Тоо, Жеңиш, Карель, Абдрахманов, Кожомкулов, Онежский, Парков көчөлөрү), Ак-Өргө (Алымкулов, Кайберен, Алыкулов, Арабаев көчөлөрү), Ак-Ордо (Бугу-Эне, Барчын, Тагай-Бий, Гагарин, Каркыра, Дүйшөбаев, Ахунбаев) конуштары, Ахунбаев, Орджоникидзе, Виноград, Крылов, Аммосов, Рыскулов көчөлөрүнүн бөлүктөрү, Симферополь тар көчөсүндөгү №12 үй;
  • 9:00дөн 19:00гө чейин — Жибек жолу проспектиси, Пархоменко, Жукеев-Пудовкин, Скрябин, Токтоналиев (№ 70 үй) көчөлөрүнүн бөлүктөрү, Кузнечный, Черкесский, Ангарский көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 9:00дөн 22:00гө чейин — Рыскулов, Абдумомунов, Зеленый, Пушкин, Кулиев көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 9:30дан 12:00гө чейин — Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү (№108 үйү);
  • 9:30дан 18:30га чейин — Асанбай кичи районундагы № 52а үйү, Дачный көчөсүнүн бир бөлүгү.
55
Белгилер:
Бишкек, жарык берүү, өчүрүү, оңдоолор
Тема боюнча
Бишкектин айрым райондорунда 11 күн бою газ менен ысык суу болбойт
Суу тартыштыгы. Министрлик элди көмүр менен газ камдоого чакырды
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту

Кытай Кыргызстанга 100 млн. доллар жана миллион доза вакцина берүүгө даяр

109
(жаңыланган 23:02 16.09.2021)
Президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен Душанбеде жолугуп, бир катар маселелерди талкуулады.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кытай өкмөтү Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде 650 миллион юань (100 миллион доллардын тегереги) менен коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын 1 миллион дозасын берүүгө даяр. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди.

Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.

  • Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров принял члена Государственного совета, министра иностранных дел Китайской Народной Республики Ван И. 16 сентября 2021 года
    Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Член Государственного совета, министр иностранных дел Китайской Народной Республики Ван И во время встречи с президентом КР Жапаровым
    Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту

Жапаров Кыргызстан Кытайды негизги соода инвестициялык өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирген.

Президент учурда өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча активдүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалаган. Анын айтымында, кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы туруктуу аба каттамдарын жандантууну маанилүү деп эсептейт.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча да кеп болуп, Жапаров долбоорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы регион үчүн маанилүү экенин белгилеген.

"КЭР мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Кытай өкмөтү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде Кыргызстанга 650 миллион юань (100 миллион АКШ долларынын тегерегинде) бөлүүгө даярдыгын айтты. Ошондой эле коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын кошумча партиясын (1 миллион доза) жана медициналык каражаттарды берүү чечимин кабыл алганын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Кытай тараптын автоунаа жолдорун куруу жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирген. Мындан сырткары, тараптар регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулаган.

109
Белгилер:
Кыргызстан, Кытай, Садыр Жапаров, вакцина, каражат
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
3 млн. бет кап, коргоочу костюм. Кыргызстанга Кытайдан гумжардам келди
Россиянын Ички иштер министрлиги кыргызстандык кесиптештерине 17 транспорт каражатын берди.

Россиянын ИИМи кыргызстандык кесиптештерине 17 транспорт каражатын берди. Сүрөт

78
(жаңыланган 21:39 16.09.2021)
ИИМ автоунаалар Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын техникалык базасын чыңдай турганын белгиледи.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Россиянын Ички иштер министрлиги кыргызстандык кесиптештерине 17 транспорт каражатын берди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Жалпысынан Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 15 унаа жана "Газель NEXT Автобус" үлгүсүндөгү эки кичи автобус тапшырылган.

  • Министерство внутренних дел России передало кыргызским коллегам 17 новых автотранспортных средств. Всего передано 15 легковых автомобилей марки Chevrolet Cobalt и два микроавтобуса марки Газель NEXT Автобус.
    Россиянын Ички иштер министрлиги кыргызстандык кесиптештерине 17 транспорт каражатын берди.
    © Фото / пресс-служба МВД Кыргызстана
  •  Министерство внутренних дел России передало кыргызским коллегам 17 новых автотранспортных средств
    Жалпысынан Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 15 унаа жана "Газель NEXT Автобус" үлгүсүндөгү эки кичи автобус тапшырылган.
    © Фото / пресс-служба МВД Кыргызстана
  •  Министерство внутренних дел России передало кыргызским коллегам 17 новых автотранспортных средств
    Церемония передачи автомобилей сотрудникам МВД в Бишкеке
    © Фото / пресс-служба МВД Кыргызстана
  •  Министерство внутренних дел России передало кыргызским коллегам 17 новых автотранспортных средств
    Иш-чарага ИИМ башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчи-элчиси Вадим Гусев, Россиянын ИИМнин Баңгизаттарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Борис Яковченко, РФтин Тышкы иштер министрлигинин Жаңы чакырыктар жана коркунучтар маселелери боюнча департаментинин баңгизаттарды көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык маселелери боюнча бөлүм начальниги Мария Вислогузова, Россия Федерациясынын ИИМнин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын бөлүм начальниги Павел Юлин, Росиянын ИИМнин Кыргызстандагы өкүлү Владимир Лузганов катышкан.
    © Фото / пресс-служба МВД Кыргызстана
  •  Министерство внутренних дел России передало кыргызским коллегам 17 новых автотранспортных средств
    Урмамбетов конокторго тыгыз кызматташтыгы жана колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
    © Фото / пресс-служба МВД Кыргызстана
1 / 5
© Фото / пресс-служба МВД Кыргызстана
Россиянын Ички иштер министрлиги кыргызстандык кесиптештерине 17 транспорт каражатын берди.
"Жаңы унаалар министрликтин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын техникалык базасын чыңдайт, ошондой эле кызматкерлердин кылмыштын башка түрлөрүн да ачышына кызмат кылат", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага ИИМ башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчи-элчиси Вадим Гусев, Россиянын ИИМинин Баңгизаттарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Борис Яковченко, РФтин Тышкы иштер министрлигинин Жаңы чакырыктар жана коркунучтар маселелери боюнча департаментинин баңгизаттарды көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык маселелери боюнча бөлүм начальниги Мария Вислогузова, Россия Федерациясынын ИИМинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын бөлүм начальниги Павел Юлин, Россиянын ИИМинин Кыргызстандагы өкүлү Владимир Лузганов катышкан.

Урмамбетов конокторго тыгыз кызматташтыгы жана колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

78
Белгилер:
Россия, Кыргызстан, ИИМ, унаа, транспорт, кызматташтык, белек
Тема боюнча
ИИМ 100дөй кыргызстандыктын телефон сүйлөшүүсү тыңшалганын тастыктады, бирок...