Өлкөдө 95 адамдан коронавирус аныкталып, үч киши көз жумду

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Азыркы тапта 594 бейтап ооруканада жатат, 941 киши үй шартында медиктердин көзөмөлүндө дарыланууда.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын аралыгында 95 адамдан коронавирус аныкталып, 135 киши айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар төмөнкү аймактарда аныкталды:

  • Бишкек - 57;
  • Чүй облусу – 23;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Ош шаары - 2;
  • Нарын облусу - 1;

Ушуну менен илдетке кабылгандардын жалпы саны 177 484кө жетти, ал эми айыгып чыккандар 171 902ни түздү.

Бир күндүн ичинде COVID-19 үч адамдын өмүрүн алды. Каза болгондордун жалпы саны — 2 581.

Азыркы тапта 594 бейтап ооруканада жатат, 941 киши үй шартында медиктердин көзөмөлүндө дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0