Онлайн уурулук. Милиция шылуундар элди интернеттен карактап жатканын айтты

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүWhatsApp тиркемеси. Архив
WhatsApp тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Милиция учурда WhatsApp мессенжери аркылуу каражат берүү убадасы менен көптөгөн билдирүүлөр тарап жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бишкек ШИИБ шаардыктарды интернет аркылуу алдап жаткан шылуундардан этият болууга чакырды.

Маалыматта учурда WhatsApp мессенжери аркылуу каражат берүү убадасы менен көптөгөн билдирүүлөр тарап жатканы айтылат.

"Ошондой эле шылуундар банк менен микрокредиттик уюмдарга караганда пайдалуу шартта ири суммадагы насыя берүүнү убадалап жатат. Мындан улам насыя картасынын номерин же жеке маалыматтарды сурашат", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек милициясы жергиликтүү жана чет элдик белгисиз номерлер менен абайлап сүйлөшүү керектигин эскертти.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Документтерди эми милиционерлерге смартфондон эле көрсөтсө болот. Шарттары
Мындан сырткары, айрым алдамчылар ар кандай банк менен компаниянын өкүлүмүн деп чалып, алардын фейк баракчаларын жана сайттарын ачып, бир катар айла-амал менен жеке маалыматтарды чогултат.

ШИИБ алдамчылардын тузагына илинип же ушул сыяктуу шек жараткан чалуулар болсо жакын аралыктагы милиция бөлүмүнө же күнү-түнү иштеген 102 номерине чалууну өтүндү.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0