Ошто шайлоо округдарынын чек арасы өзгөртүлдү. Алмашкан айылдардын тизмеси

© Sputnik / Акылбек БатырбековОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Жаңы схемага ылайык, Ноокат районунда эки шайлоо округу түзүлсө, Ош шаарында бир гана округ калтырылган.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Ош облусундагы бир мандаттуу шайлоо округдарынын чек аралары өзгөрдү. БШК талаштуу маселелерди жөнгө салуу максатында ушундай чечим кабыл алынганын билдирди.

Белгилей кетсек, БШК шайлоо округдарынын жаңыдан түзүлгөн схемасын 11-сентябрда жарыялаган болчу. Ага ылайык, Ноокат районунда эки шайлоо округу (мурда бирөө болчу) түзүлдү. Ал эми Ош шаарына бир гана округ калтырып, калаадагы шайлоочулардын жарымы Кара-Суу районунун Төлөйкөн шайлоо округуна кошулган.

№4 Көк-Жар шайлоо округу

Шайлоочулардын саны — 80426.

Ага Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагы, Ноокат районунун Төөлөс, Ынтымак, Т. Кулатов, Он-Эки-Бел, Найман, Көк-Жар, Бел, Жаңы-Ноокат айыл аймактары толугу менен, Гулистан айыл аймагындагы № 5402, 5403 шайлоо участкалары кирет.

№5 Ноокат шайлоо округу

Шайлоочулардын саны — 82 006.

Электрондук урнадагы бюллетеньдер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
БШК жаңы система менен өтчү шайлоонун бюллетенин көрсөттү
Ноокат районунун Гулистан айыл аймагындагы № 5400, 5401, 5525, 5593 шайлоо участкалары, Ноокат шаары, Мирмахмудов, Кара-Таш, Т.Зулпуев, Кыргыз-Ата, Кеңеш, Н. Исанов, Көк-Бел айыл аймактары биригет.

№6 Араван шайлоо округу

Шайлоочулардын саны — 91 029.

Араван районунун Алля Анаров, Керме-Тоо, Мангыт, Нурабад, С.Юсупов, Тепе-Коргон, Чек-Абад айыл аймактары, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү толугу менен кирет.

№7 Ош шайлоо округу

Шайлоочулардын саны — 110 685.

Ош шаарынын МТУ-Жапалак, МТУ-1, МТУ-2, МТУ-3, МТУ-5 толугу менен кирет.

№8 Төлөйкөн шайлоо округу

Шайлоочулардын саны — 118 551.

Кара-Суу районунун Мады, Шарк, Төлөйкөн, Папан айыл аймактары толугу менен, Ош шаарынын МТУ-4, МТУ-6 толугу менен кирет.

№9 Кара-Суу шайлоо округу

Шайлоочулардын саны — 100 604.

Кара-Суу районунун Сарай, Кара-Суу шаары, Ак-Таш, Жоош, Нариман, Кашкар-Кыштак айыл аймактары толугу менен кирет.

№10 Куршаб шайлоо округу

Шайлоочулардын саны — 112 847.

Документ барактап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
БШК бир мандаттуу округ боюнча талапкерлерди кабыл алууну баштады. Талаптары
Өзгөн районунун Өзгөн шаарындагы №5058, 5059, 5060, 5062, 5063, 5473, 5498, 5578, 5579 шайлоо участкалары, Кароол, Куршаб, Кара-Таш, Жалпак-Таш, Кызыл-Октябрь айыл аймактары толугу менен кирет. Кара-Суу районунун Кызыл-Суу, Жаңы-Арык, Отуз-Адыр, Катта-Талдык, Сары-Колот, Савай айыл аймактары, Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтү кошулат.

№11 Алай шайлоо округу

Шайлоочулардын саны — 115 944.

Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондору бириктирилип бир округ түзүлгөн. Мурдагыдан өзгөргөн эмес.

№12 Өзгөн шайлоо округу

Шайлоочулардын саны — 90 047.

Өзгөн районунун Ак-Жар, Алтын-Булак, Жазы, Зергер, Колдук, Кызыл-Тоо, Мырза-Аке, Салам-Алик, Баш-Дөбө, Дөң-Булак, Жылалды, Ийри-Суу, Төрт-Көл, Чаңгет айыл аймактары толугу менен кирет, Өзгөн шаарындагы №5499, 5064, 5065, 5061, 5066 шайлоо участкалары кошулат.

Ал эми Чүй облусундагы №31 Кемин шайлоо округунун аталышы "Чүй-Кемин" деп алмаштырылган. Башка округдардын чек аралары өзгөртүлгөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0