Жапаров эмненин негизинде Калиев менен Авазовго ырайым берди? Расмий жооп

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГлава энергетического холдинга Айбек Калиев
Глава энергетического холдинга Айбек Калиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2021
Жазылуу
Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Калиев менен Авазовго ырайым берүүнү сурап президентке өтүнүч кат жиберишкен.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматы мамлекет башчы Садыр Жапаров Улуттук энергохолдингдин экс-жетекчиси Айбек Калиев менен "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазовго ырайым бергенин ырастады.

Билдирүүдө Калиев менен Авазов кылган иштерине өкүнүп, өздөрү мамлекет башчысына кайрылганы айтылды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин бир нече депутаты аларга ырайым берүүнү сурап президентке өтүнүч кат жиберишкен.

"Чечим кабыл алуунун алдында ырайым кылуу комиссиясы тарабынан кылмыш иши кылдат изилденип, анын жүрүшүндө Айбек Калиев менен Салайдин Авазов кылмыш ишинин негизги фигуранттары болбогону аныкталган. Жогорку Кеңештин депутаттарынын өтүнүч катын карап чыгып, оң мүнөздөмөлөрдү, комиссиянын сунуштарын эске алып, ошондой эле өзүнүн конституциялык укуктарын колдонуп Садыр Жапаров ырайым берүү жөнүндө жарлыкка кол койду", — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Айбек Калиев 2019-жылы Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталып, үй-мүлкүн мамлекетке алуу менен 15 жылга эркинен ажыратылган. Авазов дагы ошол эле жылы, ошол эле иштин алкагында 11 жыл 3 айга кесилген. Ошондой эле мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебей турган болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0