Чоңдор кайсы ооруларга каршы вакцина алышы керек. Кеңеш

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүВакцинация от COVID-19 в ТЦ "Кунцево Плаза"
Вакцинация от COVID-19 в ТЦ Кунцево Плаза - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Жазылуу
Дарыгер 55 жашка чейинки адам бир катар ооруларга каршы 10 жылда бирден эмдөөдөн өтүп коюу ашыктык кылбай турганын эскерткен.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Эмдөө негизи бала кезде жасалат, бирок чоңдор алчу вакциналар да бар. Бул тууралуу эпидемиолог, Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин ден соолукту сактоо жана медициналык укук кафедрасынын ассистенти Лидия Сопрун билдиргенин "Прайм" жазган.

Адис чоңдор дифтерия, грипп жана тарамышы тырышып катып калган илдетке (столбняк — ред.) каршы эмдөөнү 10 жылда бир ирет алып коюу зарылдыгын айткан.

"Бул бизге сейрек илдет катары сезилиши мүмкүн, бирок ооруп калуу кооптуулугу бар. Бул тумоолордун жугушуна, жанданышына, андан ары адам өмүрүнүн кыйылышына алып келет", — деп эскерткен дарыгер.

Медициналык кызматкер эмдөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
ДССУ адиси гриппке да, COVID-19га да каршы вакцина алуунун артыкчылыгын айтты
В гепатитине каршы 55 жашка чейинки ар бир адам 10 жылда бир эмдөө алып турушу керек. Анткен менен вакцина сайдырганга чейин вируска иммунитет бар-жогун билүү үчүн антителого анализ тапшыруу зарыл. Мындан сырткары, көптөр үчүн кызамык менен пневмококк инфекциясына (өпкөнү ириң жана сезгенткен ооруларга дуушар кылган микробдун түрү) каршы кайрадан вакцина алып коюу ашыктык кылбайт.

Чет өлкөгө барар алдында ал жакта кандай оору көп кездешерин билип, кошумча эмдөө алып койгон да жакшы. Дарыгер ал эми күз-кыштын алдында гриппке каршы вакцина сайдыруу маанилүү экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0