COVID статистикасы: 86 кишиден вирус аныкталып, үч бейтап акка моюн сунду

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Жазылуу
Азыркы учурда Кыргызстан боюнча стационарда 586, ал эми амбулатордук шартта 900 адам дарыланып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 86 кишиден коронавирус аныкталып, 96 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 54;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 13;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 1.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 177 653кө жетип, анын ичинен 172 111 киши дартты жеңген.

Кечээтен бери оору үч адамдын өмүрүн алган. Ушуну менен коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 2 586га жетти. Азыркы учурда стационарда 586, ал эми амбулатордук шартта 900 адам дарыланып жатканы айтылды.

Өткөн бир сутка ичинде эмдөөдөн 10 114 адам өттү, анын ичинен 3 862 биринчи дозаны, 6 252 адам экинчи компонентин алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0