Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат. Себеби

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пункту. Архив
Кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт өткөрүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Жазылуу
Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат. Буга Кытайда "Күздүн орто чени" майрамынын белгилениши себеп болууда.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасы 19-сентябрдан 21-сентябрга чейин жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлады.

Буга Кытайда "Күздүн орто чени" майрамынын белгилениши себеп болууда.

"Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" менен "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү бекеттери транспорт жана жүк алып өткөндөр үчүн убактылуу жабылат", — деп айтылат маалыматта.

22-сентябрдан баштап чек ара пунктулары санитардык алгоритм менен ишин жандантат. Тагыраагы, жүк ташуучу автоунаалар Кытайдан Кыргызстанга кайрадан өткөрүлө баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0