Бишкек шаарында Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү ачылды

Бишкекте балдар онкологиясы бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Сүрөт

102
(жаңыланган 17:29 18.09.2021)
70 орунга ылайыкташкан бөлүмдүн 10 палатасы интенсивдүү терапияга карайт. Ошондой эле жандандыруучу бөлүм жана эки операция жасоочу палата бар экени айтылды.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмү ачылып, ага президент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров на церемонии открытия нового корпуса отделения детской онкологии и онкогематологии, построенного на территории Национального центра охраны материнства и детства (НЦОМиД) в Бишкеке
    Бишкек шаарында Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү ачылып, ага апезидент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Новый корпус отделении детской онкологии и онкогематологии, построенный на территории Национального центра охраны материнства и детства (НЦОМиД) в Бишкеке
    Имарат беш кабаттуу экени айтылды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Оборудования в новом корпусе отделении детской онкологии и онкогематологии, построенного на территории Национального центра охраны материнства и детства (НЦОМиД) в Бишкеке
    Анын курулушу жана бардык зарыл жабдуулар менен камсыздоо, анын ичинде долбоордук-сметалык документациясы, эмерек жана жабдыктарды сатып алуу "Ас-Сафа" коомдук бирикмеси тарабынан каржыланган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Оборудования в новом корпусе отделении детской онкологии и онкогематологии, построенного на территории Национального центра охраны материнства и детства (НЦОМиД) в Бишкеке
    70 орунга ылайыкташкан бөлүмдүн 10 палатасы интенсивдүү терапияга карайт
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Оборудования в новом корпусе отделении детской онкологии и онкогематологии, построенного на территории Национального центра охраны материнства и детства (НЦОМиД) в Бишкеке
    Ошондой эле жандандыруучу бөлүм жана эки операция жасоочу палата бар экени айтылды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Новый корпус отделении детской онкологии и онкогематологии, построенный на территории Национального центра охраны материнства и детства (НЦОМиД) в Бишкеке
    Мындан сырткары, биохимиялык, жалпы клиникалык, бактериологиялык, иммунофенотиптик цитогенетикалык жана башка лабораториялар жабдылган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров на церемонии открытия нового корпуса отделения детской онкологии и онкогематологии, построенного на территории Национального центра охраны материнства и детства (НЦОМиД) в Бишкеке
    Өз сөзүндө Садыр Жапаров бүгүнкү иш-чаранын саламаттык сактоо тармагынын тутуму үчүн маанилүүлүгүн белгиледи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров на церемонии открытия нового корпуса отделения детской онкологии и онкогематологии, построенного на территории Национального центра охраны материнства и детства (НЦОМиД) в Бишкеке
    Анын айтымында, азыркы тапта онкологиялык оорулар көбөйүп, дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда да кырдаал курч бойдон турат.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 8
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Бишкек шаарында Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү ачылып, ага апезидент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады

Имарат беш кабаттуу экени айтылды. Анын курулушу жана бардык зарыл жабдуулар менен камсыздоо, анын ичинде долбоордук-сметалык документациясы, эмерек жана жабдыктарды сатып алуу "Ас-Сафа" коомдук бирикмеси тарабынан каржыланган.

70 орунга ылайыкташкан бөлүмдүн 10 палатасы интенсивдүү терапияга карайт. Ошондой эле жандандыруучу бөлүм жана эки операция жасоочу палата бар экени айтылды. Мындан сырткары, биохимиялык, жалпы клиникалык, бактериологиялык, иммунофенотиптик цитогенетикалык жана башка лабораториялар жабдылган.

"Эми балдар онкологиясынын өздөрүнүн гемодиализ үчүн аппараты жана реанимациясы болот. Мээсинде залал шишиги бар бейтаптарга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Андай бейтаптар бардык оорулуулардын 30 пайызын түзөт. Тар багыттагы адистер менен консультация жүргүзүү мүмкүндүгү, жилик чучугун трансплантациялоого шарттар түзүлдү. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, балдар онкологиясын атайын балдар клиникасына которгондон кийин гана жылыштар байкалып, өлүм санын азайтууга мүмкүн болгон", — деп айтылат маалыматта.

Жаңы бөлүмдүн ачылыш аземине Кувейт, Катар жана Сауд Аравиясынан меймандар катышты.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров бүгүнкү иш-чаранын саламаттык сактоо тармагынын тутуму үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, азыркы тапта онкологиялык оорулар көбөйүп, дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда да кырдаал курч бойдон турат.

"Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун атайын клиникасынын базасында балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнүн ачылышы балдар онкологиясынын ишин өнүктүрүүдө чоң кадам болуп саналат. Аталган бөлүм аркылуу алдын ала дарылоо жана кичинекей бейтаптарыбыздын жашап кетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жакынкы келечекте ийгиликтүү жүзөгө ашарына ишеним артабыз", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле залал шишикти дарылоонун кийинки баскычтарында иш жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

"Ар бир муктаж балага кол сунуп, алардын өмүрү үчүн күрөшүүдө колубуздан келгендин баарын жасашыбыз керек! Ал үчүн заманбап медициналык технологияларды тартып, жаңы ыкмаларды пайдаланып, илгери үмүт жана терең ишеним менен балдар онкологиясынын ишин өнүктүрүүгө милдеттүүбүз", — деп белгиледи президент.

Жапаров калктын саламаттыгын сактоо багытындагы жүргүзгөн ишмердиги жана кайрымдуулугу үчүн "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Мухаммад Абдурахман Аль-Шаяга Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын тапшырды.

102
Белгилер:
онкологиялык оорулар, онкология, балдар, Садыр Жапаров, имарат, курулуш
Тема боюнча
Ош облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү пайдаланууга берилди. Сүрөт
Бишкекте Кыргыз-түрк достугу ооруканасы акыры ачылды
Бишкектеги текшерип көрүү, метрология жана сертификациялоо борборунун жетекчисинин орун басары Болот Нурматов

Нурматов: метрология жана стандартташтыруу багытында адистер жетишсиз

3
Бишкектеги текшерип көрүү, метрология жана сертификациялоо борборунун жетекчисинин орун басары Болот Нурматов кадрларды даярдоо абдан орчундуу маселе экендигин айтты.

Стандартташтыруу, метрология багыты боюнча учурда Кыргыз мамлекеттик техникалык, Кыргыз экономикалык университеттеринде адистерди даярдашат. Мындай маалыматты Болот Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Нурматов: метрология жана стандартташтыруу багытында адистер жетишсиз

Анын айтымында, рынок экономикасынын шартында стандарттарга болгон өзгөрүү кыска мөөнөттө алмашып жатат.

"Стандартташтыруу, метрология багытында кадр маселеси орчундуу иш бойдон калууда. Адистерди окутуу, кайра даярдоо чоң күчтү жана көп каражатты талап кылат. Мисалы, советтик мезгилде стандарттарды өзгөртүүгө болжолдуу 20 жылдай керектелген. Ал эми бүгүнкү рынок экономикасынын шартында эки жылда жаңы стандарттарды иштеп чыгуу зарыл болуп калды. Демек, рынок тыным албай өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Ага байланыштуу учурда Кыргыз мамлекеттик техникалык, Кыргыз экономикалык жана Кыргыз улуттук университеттеринде адистерди даярдоого көңүл бурулууда. Борбор жогорку окуу жайлар менен тыгыз иш алып барып жатат. Себеби илим менен практикалык иш айкалышканда гана жакшы жыйынтыкка жете алабыз", — деди Нурматов.

Ошондой эле жетекчи кесипкөй адистер өндүрүштө практикалык иштин жоктугунан улам жетпей жаткандыгын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:

3
Белгилер:
сертификациялоо, кадрлар, өндүрүш, метрология, стандартташтыруу, Болот Нурматов
Тема боюнча
Садыков: эгемендүүлүккө жеткенден соң акысыз билим берүүнү жоготтук
Кытайлык кыргыз, ишкер Каныбек Толкун уулу

Толкун уулу: алган билимим менен бөлүшүү үчүн окуу борборун ачтым

5
Кытайлык кыргыз, ишкер Каныбек Толкун уулу Кыргызстанга келип жети жылдын ичинде алган билимин кийинки муун менен бөлүшүү үчүн билим берүү курстарын, улуттун маданиятын сактап калуу, жайылтуу максатында маданий борбор ачканын айтты.

Ааламдашуу заманында маданияттар жуурулушуп, кээ бирлери унутта калып барат. Улуттук маданияттын өксүгүн толтуруу максатында маданий жана билим берүү борборун ачтым. Бул тууралуу Каныбек Толкун уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Толкун уулу: алган билимим менен бөлүшүү үчүн окуу борборун ачтым

Анын айтымында, "Билгистан" билим борборуна билгендерин башкалар менен бөлүшөм деген адистер келип курстарда сабак өтсө болот.

"2018-жылы "Этностан" маданий борбору ачылды. Башка ушул өңдүү жайлардан айырмаланып, этникалык кыргыздарды, маданий мурастарды изилдеп, жайылтууну жана этникалык кыргыздар жашаган өлкөлөр менен маданий карым-катнашты, мамилени жандандырууну көздөйт. Буга чейин кытайлык кыргыздардын бир нече чыгармасы кыргыз тилине которулуп жазылды. Себеби кытайлык кыргыздардын жазуусу бул жактагыга караганда айырмаланат. Ошондой эле дастан, өлөң айтууну жайылтуу максатында чыгармалар кыргызчага которулду. Жусуп Мамайдын айтуусундагы "Манас" эпосу боюнча аткарылбай калган иштерди жасоого аракеттер көрүлүүдө. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жазылган Кытайдагы макалалардын жыйнагын да кыргыз элине сунсак деп чогултуп жүрөбүз. Бейзаттык маданий мурастарды пропагандалоо үчүн маданий иш-чараларды уюштуруу — алдыдагы планыбыз. Андан соң жеке өнүгүү, бизнес жана тил үйрөтүү багытында сабактардан турган "Билгистан" билим берүү борборун ачтык. Аталган борбор билимдүү жаш адистердин кийинки муун менен билимин бөлүшүүсүнө көпүрө болуп, экинчи жагынан курстан түшкөн каражатка "Этностан" маданий борборунун айрым долбоорлорун жасап, эки борбор канатташ иш алып барууда", — деди Толкун уулу.

Ал билим борборунда кытай, англис, араб тилдери үйрөтүлөрүн, SMM жана тез окуу курстары да бар экенин кошумчалады.

5
Белгилер:
билим, маданият, курс, иш-чара, жаштар
Тема боюнча
Султан уулу: улуттук руханий өзөктү өзүбүзгө кайтаруу — башкы милдетибиз